Ак-Талаа районундагы Н.Жыргалбекова мектебинде жаш ойлоп табуучулардын сынагы өттү (фото)

Ак-Талаа районундагы Н.Жыргалбекова мектебинде жаш ойлоп табуучулардын сынагы өттү (фото)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун Коңорчок айылындагы Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектебинде «Жаш ойлоп табуучу» сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу мектептин соцмугалими Аида Аппасова билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 15-март күнү аталган мектептин ойлоп табуучу окуучуларынын ортосунда сынак өтүп, окуучулар өздөрүнүн ой жүгүртүүлөрүнүн негизинде ар кандай кыймыл-аракеттеги техникаларды макеттерин, батарейка, кагаз-картон, жыгач материалдарынын жана башка кыймылдаткыч заттардын жардамы менен адамзаттын жашоо-турмушуна пайдасы тие турган техникалардын үлгүлөрүн жасап беришти.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, алар мектептин дипломдору менен сыйланышты жана райондук сынакка катышууга жолдомо алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up