Кош-дөбөлүк окуучу ойлоп табуучулар сынагында учуучу самолёт жасап, Нарын облусу боюнча 2-орунду ээледи (фото)

Кош-дөбөлүк окуучу ойлоп табуучулар сынагында учуучу самолёт жасап, Нарын облусу боюнча 2-орунду ээледи (фото)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Асылбек уулу Ырыскелди Нарын шаарында өткөн «Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз» аттуу сынакка катышып, учуучу самолёттун макетин жасады.

Иш-чаранын максаты — жаштардын билимин, илимий-техникалык чыгармачылыгын, изилдөөчүлүгүн жана ойлоп табуучулук иш-аракеттеринин деңгээлин жогорулатуу.

Сынакка 14 жаштан 20 жашка чейинки билим алып жаткан жаштар катышты.

Сынак төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлдү:
1. Изилдөөчүлүк;
2. Илимий-техникалык;
3. Ойлоп табуучулук.

Ырыскелди сүрөт тартып, ар кандай машиналардын моторун кошуп, макет жасоого кызыгат. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу. Областтык деңгээлдеги ойлоп табуучулардын сынагында ал 2-орунду ээледи.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up