Барскоондо мугалимдер окутуунун жаңы ыкмаларын көрсөтүп беришти

Билим АКИpress - Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында мугалимдер үчүн облустук семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Саадат Чекирова маалымдады.

Анын айтымында, Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев атындагы мектеп үлгү көрсөтүүчү билим ордосу. Өткөн жылы мектеп окуу-тарбия иштеринде жетишкендиктерге ээ болгон.

Бул ирет облустук семинарга 20дан ашуун мугалим катышты. Иш-чарада окуучулардын ойлоп табуучулугу, мугалимдин жаңы ыкма менен сабак өтүүсү, ар кыл кол өнөрчүлүк ийримдердин иши көрсөтүлдү.

Окуучулар келечектеги максаттары, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуу багытындагы ойлорун айтып беришти. Ал эми Барскоон айылындагы Эшманбет Кендирбаев атындагы мектептин директору Т.Тойгонбаев таланттуу окуучулардын эмгектери келген мугалимдердин кызыгуусун арттырганын кошумчалады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up