Ат-Башы районундагы 3 мектеп КВНде ат салышты

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Бирлик, Ак-Моюн, Ак-Муз айылдарындагы мектептердин окуучулары арасында кургак учукту алдын алуу максатында 16-мартта Боогачы мектебинде КВН өткөрүлдү.

Таймашка катышкан үч команданын мүчөлөрү жогорку класстын окуучуларынан түзүлүп, райондук оорукананын дарыгер эжелери калыстык кылышты. КВНдин жүрүшү курч тартипте өтүп, келген калыстардын жана көрөрмандардын купулуна толду.

Жыйынтыгында 1-орунду Бирлик айылынын С.Мырзакматов атындагы мектеби багындырып, ардак грамота жана 1 миң 500 сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Ал эми 2-орунду Жакыпбек уулу Боогачы орто мектебинин окуучулары камсыз кылып, 1000 сом жана ардак грамота ыйгарылды. 3-орунга Ак-Моюн айылынын А.Койчуманов мектебинин окуучулары ээ болуп, ардак грамота жана 800 сом акчалай сыйлык алышты.

«Бул иш-чаранын башкы максаты — ортодогу достукту чыңдоо жана коркунучтуу ооруну тереңдетип билүү менен башкаларга да үйрөтүү болду десем болот», - дейт катышуучулардын бири.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up