Мектепти алтын медаль менен бүтүргөн Кыял Түркияда акысыз билим алып, жаштарга жардам берип келет (фото)

Мектепти алтын медаль менен бүтүргөн Кыял Түркияда акысыз билим алып, жаштарга жардам берип келет (фото)

Билим АКИpress үлгүлүү окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — ысык-көлдүк Кыял Байтурова. Ал учурда Түркиянын Конья шаарындагы Неджметтин Эрбакан университетинде «Менеджмент/Маркетинг» бөлүмүнүн магистратурасында билимин тереңдетип жатат.

«Мен 1993-жылы 4-июлда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жарык дүйнөгө келгем. 2011-жылы Бишкек шаарындагы №4 гуманитардык-укуктук гимназияны алтын медаль менен бүтүргөм. 11-класста окуп жатканда классташым менен Кыргыз-Түрк «Манас» университети тууралуу сүйлөшүп калдык. Башка жогорку окуу жайлардагы абалга канаатанбайт элем. Эң негизги себеби — паракорчулук болчу. Ошентип классташым экөөбүз тең «Манас» университетине өтүүнү максат кылганбыз. Анткени бул окуу жайда студенттер үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Жалпы республикалык тестирлөөдө алган упайым жогору болсо да (210 упай), жалгыз гана «Манас» университетине тапшырдым. Бул ЖОЖго тапшырып жатканда ЖРТ боюнча «Радио, телекөрсөтүү жана кино» бөлүмүн тандагам, ал эми окуу жайдын сынагы боюнча 1-турдан өткөндөн соң биринчи тандоом «Менеджмент» бөлүмү болду. Менеджмент — актуалдуу жана талап кылынган кесиптердин бири деп ойлойм. Мындан тышкары, мектептеги парламентти башкарып жатканда көп киши «ушул кесипке керек болгон өзгөчөлүктөр сенде бар» деп айтышчу. Ошентип, 2 бөлүмдүн арасында тандоо керек болгондо дал ушул бөлүмдү тандаганыма абдан кубанычтамын. Кесип тандоодо эң манилүүсү — кийин ушул кесиптен рахат ала билүү деп эсептейм.

Окуу жайды 2016-жылы «Манас биринчиси» болуп аяктадым. Окуумду аяктап жатып билимимди жогорулатуу, магистратурада окуу мага керекпи деп көп ойлондум. 4-курста жакын курбум «Түркия стипендиялары» программасына каттоодон өтөлү деп калды. Интернет аркылуу керектүү документтерди толтуруп, экинчи этаптагы аңгемелешүүдөн да өткөндөн соң, анын жыйынтыктарын 3 ай күттүк. Түркияга окуу жолдомосун алуу тууралуу кат келгенде курбум экөөбүз бир шаардагы университетке өткөнүбүздү угуп сүйүндүк. Андан кийин агай-эжейлерден, апамдан, бир туугандарымдан кеңеш алып, магистр даражасын алууну туура көрдүм. Ошентип, Түркиянын Конья шаарындагы Неджметтин Эрбакан университетинде «Менеджмент/Маркетинг» бөлүмүнүн магистратурасында билимимди тереңдетип, окуп жатам. Магистрдик даража академикалык багытта иштөөнү пландагандар үчүн гана керек деген ой туура эмес. Өзүнүн кесибинде чыныгы адис болууну каалагандар үчүн керек. Бакалавриатта алган билим пайдубал болсо, магистратура калган компоненттерди толуктап берет.

Түркияга келгенде кыйынчылык деле сезген жокмун. Окутуу системасы, тили, тамактары — бардыгы тааныш болгондугу үчүн окшойт. Азыркы учурда магистрдик ишимди жазып жатам. Бакалавриатта алган билим маанилүү экендигин түшүндүм десем болот. Агай-эжейлериме чоң ыраазычылыгымды билдиргим келет. Чынында жакшы пайдубал түзүп беришти. Башка өлкөлөрдө кандай экенин билбейм, бирок Түркияда магистратура окуп жатканда студент өз алдынча билим алууга умтулушу керек. Сабактар аз болот, көбүнчө белгилүү бир тема боюнча доклад даярдоо, илимий макала жазуу, конференцияларга катышуу менен алекпиз. Азыркы учурга чейин илимий жетекчим менен 2 илимий макала жазып, коомчулукка жарыяладык.

Ар түрдүү конференцияларга катышканга аракет кылып жатам. Алардын бири — Россиянын Сочи шаарында өткөн масштабдуу «World Festival of Youth and Students 2017» жаштар фестивалы. Фестивалга дүйнөнүн ар тарабынан келген 25 миңден ашуун адам катышты. Кыргызстандан барган 200 делегаттын арасында мен да болдум. Фестивалдын аймактык программасы аркылуу кыялымдагы Санкт-Петербург шаарын көрдүм. Сочиде болсо бардык иш-чаралар олимпиада өткөн шаарчада болду. Владимир Путин, Ник Вуйчич жана башка белгилүү инсандардын лекцияларына катыштык, башка өлкөлөрдөн келген делегаттар менен таанышып, дос болдук, жаңы долбоорлорду талкууладык. Ал жактагы атмосфераны сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес.

Учурдан пайдаланып айта кетсем, азыр Москва шаарында 6 миң 500 адамдын катышуусунда «Россия — мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү» аттуу форум болуп жатат. Бул форумга фестивалдын баардык катышуучуларынан 300 киши тандалып, мага да кат келди. Тилекке каршы, Кыргызстанда ушундай масштабдуу конференцияларга чакыруу алган жаштарга көмөк көрсөткөн фонд-спонсор табуу өтө кыйын. Мисалы, Сочидеги фестивалга Молдованын президенти бардык делегаттарына бирдей форма тиктирип, жол киресин жана башка чыгымдарынын баарын каржылап берди. Фестивалда Молдованын делегаттары чынында өзгөчөлөнүп турду. Өлкөбүздүн брендин, имиджин жаштар аркылуу жаратканга аракет кылышыбыз керек деп эсептейм.

Ошондой эле Түркияга келгенде максатташ досторубуз менен «Kyrgyz Youth» клубун иштете баштадык. 2016-жылы клубдун төрагасынын орун басары, ал эми 2017-жылдан клубдун төрайымы катары иштеп келем. Командабыз менен бирге Кыргызстандын тарыхын жана маданиятын таанытуу үчүн ар түрдүү иш-чараларды өткөрүп жатабыз. 6-апрелде Кастамону шаарында 1937-38-жылдардагы репрессия курмандыктарын эскерүүгө арналган чоң иш-чара өткөрүлгөнү жатат. Ошондой эле Түркияда билим алууну каалаган жаштарга жардам бергенге аракет кылабыз. Мисалы, «Түркия стипендиялары» боюнча өз тажрыйбабызга таянып, кеңеш беребиз.

Клубдун максаты — бүткүл дүйнөдө окуп, билим алып жаткан кыргыз жаштарынын биримдигин түзүү жана алар менен биргеликте келечекте Кыргызстан деген ыйык мекенибиз үчүн кызмат кылуу. Түркия болсо башталышы гана. Буюрса, жакында жаңы долбоорлорубуз тууралуу маалымат беребиз», - деп айтып берди окуудагы ийгиликтери тууралуу Кыял.

Кыялдын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү да чет өлкөлөрдөн билим алып, ийгилик жараткан адамдар.

«Үй-бүлөм дайыма колдоп турат. Апам Россиядагы Рязань мамлекеттик радиотехникалык университетинин бүтүрүүчүсү. Улуу байкем Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Курган чек ара институтун кызыл диплом менен бүтүрсө, экинчи байкем Гейдар Алиев атындагы Азербайжан Республикасынын Жогорку аскер окуу жайынын бүтүрүүчүсү. Үй-бүлөм мен үчүн дайыма үлгү көрсөтүп, мотивация берет. Чоң атам Байтур Акунов — «Ысык-Көл» гезитинин башкы редактору болгон экен. Таенем Үмүткөр Рысмамбетова — Тоң райондук бейтапкананын башчысы, Социалисттик эмгектин баатыры, Сегизинчи чакырылыштагы СССРдин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон экен. Кандайдыр бир кыйынчылыктар болгондо мындай инсандардын небереси экенимди эстеп чыйралам. Алардын баскан жолунан үлгү алууга аракеттенем», - деди сөзүнүн аягында Кыял.

Жазган: Түркиядагы Кастамону университетинин 2-курсунун студенти Наргида Маликова

Сиз дагы мектептеги, жогорку окуу жайдагы кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up