С.Жусупбаев атындагы мектепте «Үй-бүлө — коомдун башаты» аталышында тренинг өттү

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Тилек айылындагы Сабитакун Жусупбаев атындагы орто мектебинде «Үй-бүлө — коомдун башаты» аталышындагы семинар-тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Гүлбарчын Рысбекова билдирди.

Тренингде окуучулар ата-энелери жана класс жетекчилери менен биргеликте балага болгон ата-эненин жоопкерчилиги, үй-бүлөнүн корголушу, социалдык жактан жетиштүү камсыздалышы жана башка маселелер боюнча талкуулар оюн-зооктор менен коштолду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up