Сингапурдагы дүйнөлүк олимпиадада 2-орунду ээлеген окуучуну жердештери салтанаттуу тосуп алышты (фото)

Сингапурдагы дүйнөлүк олимпиадада 2-орунду ээлеген окуучуну жердештери салтанаттуу тосуп алышты (фото)

Билим АКИpress - Менталдык арифметика боюнча Сингапурда өткөн дүйнөлүк олимпиадада 2-орунду багындырган Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучусу Дастан Канатбек уулун жердештери салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу аталган мектептин директору Үрүстөм Күсөрмамбетов билдирди.

Маалым болгондой, 17-март күнү Сингапур өлкөсүнөн кайтып келген Дастанды мектеп жамааты, райадминистрациянын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү салтанаттуу түрдө тосуп алышып, анын мындан аркы окууларына ийгиликтерди каалашып, куттуктоолорун жолдошту. Ошондой эле ага баалуу белектерди, грамоталарды тапшырышты.

Мындан сырткары, аталган мектептин облустук олимпиадада алдыңкы орундарды камсыздаган окуучуларга да сыйлыктар жана белектер ыйгарылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up