Кыргызстандык 2 окуучу менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада 1-2-орундарды багындырышты

Кыргызстандык 2 окуучу менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада 1-2-орундарды багындырышты

Билим АКИpress - Менталдык арифметика боюнча Египетте өткөн дүйнөлүк олимпиадада Лейлек районундагы Тогуз-Булак орто мектебинин 4-классынын окуучусу Аширматов Кайратбек 2-орунду жана Исфана шаарындагы Ю.Гагарин атындагы орто мектебинин 2-классынын окуучусу Абдурашитов Нурмухаммед 1-орунду багындырышты.

Дүйнөлүк олимпиада 2018-жылдын 7-8-мартында Египеттеги Шарм-ель-Шейх шаарында өтүп, ага 7 мамлекеттен 400гө жакын окуучу жолдомо алган.

«Академия Роста» интеллектуалдык өнүктүрүү борборунун Исфана шаарындагы филиалынын мугалими Сатыева Гүлсана Газбековнанын айтымында, Нурмухамед борборго 1-классында келген. Учурда 2-класстын окуучусу. Ал эми Кайратбек болсо 3-классында келип, быйыл 4-класста билим алууда.

Нурмухамед олимпиадада 2-деңгээл боюнча 1-орунду багындырды. Ал 210 мисалды 18 мүнөттө туура чыгарды. 210 мисал үчүн 30 мүнөт убакыт берилген болчу. Ал эми Кайратбек 4-деңгээл боюнча 2-орунду камсыздады. 4-деңгээлде 210 мисал үчүн 30 мүнөт берилип, анда Кайратбек 207 мисалды туура чыгарды», - дейт Г.Газбекова.

Аларга 1-2-орундарды алгандыгы үчүн медаль жана атайын сертификаттар тапшырылган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up