Жаңы-Тилек айылынын С.Жусупбаев атындагы орто мектебине жаңы директор келди (фото)

Жаңы-Тилек айылынын С.Жусупбаев атындагы орто мектебине жаңы директор келди (фото)

Билим АКИpress - Нарын облусундагы Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Тилек айылынын Сабитакун Жусупбаев атындагы орто мектебинин директорлугуна Мирбек Чырмыев дайындалды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев билдирди.

М.Чырмыев буга чейин райондук спорт комитетинин башчысынын орун басары болуп эмгектенип, комитет жоюлган соң Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинде аскерге чейинки даярдоо мугалими жана райондук спорт инструктору болуп эмгектенип келген.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up