Таластын Бакыян айылындагы мектепте мугалимдер менен окуучулар таймашты

Билим АКИpress - Кечээ, 19-мартта Таластын Бакыян айылындагы Эшенаалы уулу Сейитбек атындагы орто мектебинин мугалимдери менен окуучулары Нооруз майрамына карата Кыз-жигит сармерден өткөрүштү. Бул тууралуу аталган мектептин директору Назира Сүйөркулова билдирди.

«Биз жылдагыдан өзгөчөлөнүп, жаш мугалим эжелер менен окуучу жигиттербизди таймаштырдык. Жаш мугалим эжекелер окуучу жигиттерге өз таланттарын көрсөтүп беришти. Жыйынтыгында шайырлыгы, талантуулугу менен жигиттер командасы алдыга чыкты», - дейт ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up