Окуучуларынын сүйүктүү мугалими Г.Таласбекова волейбол менен алектенип, гүл өстүрүп, саякаттоого кызыгат

Окуучуларынын сүйүктүү мугалими Г.Таласбекова волейбол менен алектенип, гүл өстүрүп, саякаттоого кызыгат

Аксы районунун К.Чекиров атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Зуура Билим АКИpress сайтына өзүнүн мектептеги сүйүктүү мугалими тууралуу айтып берди.

Таласбаева Гүлнара Аксы районундагы Кара-Жыгач айылында жайгашкан К.Чекиров атындагы орто мектебинде информатика сабагынан окуучуларга билим берет. Ал мугалимдик кесипти аталган мектпте аркалап келе жатканына быйыл 13 жылдын жүзү болду.

Ал 2000-жылы дал ушул мектепти аяктап, 5 жылдан кийин ЖАМУнун Жаңы маалыматтар технологиясы факультетин аяктап, кайрадан өзү бүтүргөн мектепке келип иштеп калган.

К.Чекиров атындагы мектепте информатика сабагы боюнча 2 гана мугалим бар. Алардын бири — Гүлнара эжеке. Ал абдан активдүү мугалим. Дайыма шыгы бар окуучуларды байкап, аларга колунан келишинче жардам көрсөтүп ,колдоп келет жана мектепте информатикага кызыккан окуучуларга убактысын бөлүп, ийримдерди өтүп турат.

Анын мектепте көп убакыт эмгек кылганы үчүн бир нече грамоталары бар. Ал жалпысынан 3 класска класс жетекчи болуп, жаш мугалим болгонуна карабастан, 25 окуучуну ак мектептин босогосунан аттаткан. «Адам ар тараптуу болот» демекчи, эжекебиз спорттун волейбол түрү менен жигердүү алектенип, командада жакшы ойногону үчүн бир нече приз, стипендияларды алган. Өзү гүл өстүрүү, тамак бышыруу жана саякаттоого абдан кызыгат.

«Окуучуларга билим берүүдө аларды өздөрү каалабаган нерсеге мажбурлагым келбейт, жөн гана жылуу акыл-кеңештер аркылуу биз берип жаткан тарбиянын маанилүү экенин жеткирүүгө аракет кылам. Мен окуучуларды кагып-силккенди туура деп эсептебейм, алар менен жөн гана тил табыша билүү гана жетиштүү», - дейт Г.Таласбекова маегинде.

Г.Таласбекова учурда мээримдүү эне, сүйүктүү жубай жана үлгүлүү мугалим. Мектептеги окуучулардын дээрлик көбү ал эжекени жакшы көрүп, сыйлашат. Кесиптештер арасында да кадыр-баркка ээ.

Жазган: К.Чекиров атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Зуура Байызбекова

Сиз дагы мектептеги кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up