Чолпонбайдагы окуучулар өспүрүмдөргө арак, тамеки сатууга каршы

Билим АКИpress - Кара-Буура районунун Чолпонбай айылындагы орто мектептин окуучулары 18 жашка чейинки балдарга спирт ичимдиктери менен тамеки сатууга каршы. Бул демилгени көтөргөн окуучулар дүкөндөрдүн сатуучуларына өспүрүмдөргө арак сатууга тыюу салган мыйзамды эскертип, акция уюштурушту, деп билдиришти окуучулар.

Акциянын максаты — окуучулардын, 18 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн жаман адаттарга азгырылышын алдын алуу. Анын алкагында окуучулар ар кандай чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп алып, өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлордун коштоосунда көчөлөрдү, дүкөндөрдү кыдырып чыгышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up