Ат-башылык окуучу кыздын сүрөттөрү бала бакчаларды кооздоп, көргөзмөлөргө да коюлат

Ат-башылык окуучу кыздын сүрөттөрү бала бакчаларды кооздоп, көргөзмөлөргө да коюлат

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын тургуну Өмүркан кызы Табият сүрөтчүлүк өнөрү менен билим берүү мекемелерин кооздоп келет. Учурда Боогачы орто мектебинин 11-классында билим алып жаткан жаш талант үлгүлүү окуучулардын бири.

Табиятынан таланттуу окуучу сүрөт тартууну 10 жашында баштаган. Алгачкы жолу сынакка 4-классында катышып, Ата Мекен, жаратылыш тууралуу ой жүгүртүүсүн сүрөт менен көрсөтүп берген. Бул таймаштын шарты боюнча сүрөттөрдү полго тартып, жыйынтыгында жаратылыштын эң кооз көрүнүшүн мыкты чагылдырганы үчүн 1-орунду ээлеген. Андан кийин райондук деңгээлде өткөрүлгөн жаш таланттар таймашына да катышып, алдыңкы орундарды камсыз кылды.

2015-жылы Боогачы орто мектебинде мугалим Асан Алымкуловдун демилгеси менен республикалык деңгээлде кол өнөрчүлүк боюнча өткөрүлгөн семинарда Табияттын жараткан эмгектери көргөзмөгө коюлган. Келген коноктор, мугалимдер, окуучулар аларды көрүп эле тим болбостон, жактырган сүрөттөрдү белек катары алып кетишкен болчу.

Жаш талантка мугалимдери да ыраазы болуп, колдоп турушат. Ал Ак-Муз айылындагы №2 Исраилов Саяк атындагы бала бакчанын музыка бөлүмүн жасалгалоодо да зор салымын кошуп, өзүнүн фантазиясы, таланты менен көркүн ачып бере алган. Ошондой эле, Нарын шаарындагы №14 «Алтын балалык» бала бакчасынын музыка бөлүмүндө Табияттын калеминен жаралган сүрөттөр илинип, өзгөчө кооздук берип турат.

Ошондой эле айылдаштарынын портреттерин тартарын курбу кызы Сагдами кошумчалады.

«Өзүнө сүрөт тарткан абдан жагат. Ар бир сүрөттү кылдаттык жана берилүү менен тартат. Мектепте кандай иш-чара өтсө да сүрөт тартуу милдетин Такуш (Табият) алат», - деди Сагдами.

Жаш талант келечекте Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүгө салым кошууну максат кылат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up