Нарында «Манас таануу» телетаймашынын облустук тандоо туру жыйынтыкталды

Нарында «Манас таануу» телетаймашынын облустук тандоо туру жыйынтыкталды

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинде «Манас таануу» республикалык интеллектуалдык телетаймашынын облустук тандоо туру өткөрүлүп, ага облустун райондорунан келген 22 команда катышты.

Сынакка белгилүү манасчылар, «Баластан» телестудиясынын өкүлдөрү калыстык кылышып, командалардын таймашына таасын баасын беришти. Жыйынтыгында баш байгени Нарын районунун «Гүл баян» командасы, 1-орунду Ат-Башы районунун «Кошой урпактары» командасы багындырышты. Ал эми 2-орунду Ак-Талаа районунун «Аян» командасы жана 3-орунду Жумгал районунун «Улуу баян» командасы ээлешти.

Орус класстардын арасынан 1-орунду Нарын шаарынын «Асыл Нур» командасы камсыз кылды.

Жеңүүчүлөргө облус жетекчисинин орун басары Жаркын Ибраева куттуктоо сөздөрүн айтып, републикалык сынакта облустун намысын бекем коргоп, ийгиликтерге жетишүүнү каалап, өкүлчүлүктүн резервдик фондунан бөлүнгөн 20 миң сом акчалай сыйлыкты жана окуучуларды даярдап келген мугалимдерге, калыстарга ардак грамоталарды тапшырды.

Нарын районунун «Гүл баян», Ат-Башы районунун «Кошойдун урпактары», Нарын шаарынын «Асыл нур» командаларына республикалык сынакка катышууга жолдомо берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up