Кара-Буура районундагы Б.Айтпаев орто мектебинин эң сулуу окуучусу аныкталды

Билим АКИpress - 23-мартта Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Бейшеке айылындагы Базылбек Айтпаев атындагы орто мектебинде кыздар арасында «Сулуулук дүйнөнү сактап турат» сынагы болуп өттү. Бул тууралуу көрүүчүлөрдүн бири билдирди.

Мектепте 4 класстын окуучу кыздарынын арасында сынак болду. Анда кыздар өздөрүн тааныштырып, бий, ыр, мода көрсөтүшүп, өз таланттарын тартуулашты.

Жыйынтыгында баш байгени 10-«А» классынын окуучусу Жолдошова Кундуз багындырды. 1-орунду 9-«Б» классынын окуучусу Нурдинова Айлана, 2-орунду 8-«А» классынын окуучусу Бейшенова Кайрыл жана 3-орунду 9-«А» классынын окуучусу Махмуд кызы Жибек ээлешти.
Алдыңкы орундарды алган кыздарга баалуу белектер берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up