КУУнун дагы бир жатаканасы авариялык деп табылып, студенттер менен мугалимдерди чыгарып жатышат

КУУнун дагы бир жатаканасы авариялык деп табылып, студенттер менен мугалимдерди чыгарып жатышат

Билим АКИpress - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин №9 жатаканасында жашаган окутуучулар бүгүн, 26-мартта нааразычылык акциясын өткөрүп жатышат. Алардын айтымында, жатакананын имараты авариялык абалда деп табылгандыгына байланыштуу ректорат бөлмөлөрдү бошотууну суранган. Бирок алардын бара турган жери жок.

«Жума күнү электр энергиясын өчүрүп салышты, бүгүн бизди чыгарып жатышат. Биз кайда барабыз? Биздин башка турак жайыбыз жок», - деп айтып беришти алар АКИpress агенттигине.

Ректораттан КУУнун Манас жана Жибек Жолу проспектилеринин кесилишинде жайгашкан №9 жатаканасы 2018-жылдын 19-январында Экотехинспекция тарабынан авариялык абалда деп табылганын айтышты. Бул тууралуу мугалимдерге эртең менен ректор билдиргенин ЖОЖдун басма сөз кызматы тастыктады.

Имаратта толугу менен электр зымдары алмаштырылып, чатыры оңдолот. Оңдоп-түзөө убагында студенттер университеттин башка жатаканаларына көчүрүлөт. Ал эми жатакана студенттик болгондуктан, мугалимдерге турак жай берүүгө милдеттүү эмес экени айтылган. Ошондой эле аталган жатаканада айрым окутуучулар 10 жылдан ашык жашап, турак жай үчүн карыздары көбөйгөнү (100 миңге жакын) белгилүү болду.

Буга чейин анын жанындагы №4 жатакананын имараты авариялык абалда деп жабылып, бир нече жылдан бери кулпу салынып турат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up