Сүлүктү шаарындагы мектеп-интернат 61 жылдан кийин 10 млн сомго оңдолуп жатат

Сүлүктү шаарындагы мектеп-интернат 61 жылдан кийин 10 млн сомго оңдолуп жатат

Билим АКИpress - 61 жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өтпөгөн Сүлүктү шаарындагы көмөкчү мектеп-интернаты 10 млн сомго оңдолуп жатат. Бул тууралуу Сүлүктү шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-март күнү КР Президентинин алдындагы мамлекеттик курулуш департаменти тарабынан 10 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, Сүлүктү шаарындагы атайын жалпы билим берүүчү, көмөкчү жатак-мектебин оңдоп-түзөө иштери башталды.

Сүлүктү шаарындагы көмөкчү мектеп жатак-интернатында өлкөдөгү жетим, жарым жетим, турмуш шарты оор абалдагы 125 бала тарбияланат. Алар 1957-жылы курулуп, эскилиги жеткен имаратта окуп келишет.

Аталган мектептин имараты курулгандан бери алгачкы жолу оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up