Интернети жок мектепте окуган ат-башылык Акылай республикалык олимпиадада мыктылардын мыктысы болду

Интернети жок мектепте окуган ат-башылык Акылай республикалык олимпиадада мыктылардын мыктысы болду

Билим АКИpress - Республикалык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 2017-2018-окуу жылындагы эң мыкты окуучулардын бири Ат-Башы районунун Калинин айылындагы Т.Адыраңов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Акылай Жусупбекова болду.

Билим АКИpress сайтына ал сынакка кантип даярданганы, олимпиада кандай өткөнү жана келечектеги максаттары жөнүндө айтып берди.

- Жеңишиңиз менен куттуктайбыз, Акылай! Сиз предметтик олимпиадага кайсы сабактан катыштыңыз?

- Чоң рахмат! Кыргыз тилдүү мектеп категориясында кыргыз тили жана адабияты сабагынан республикалык олимпиадага алгачкы жолу катыштым.

- Тапшырмалар боюнча оюңуз кандай? Сизге алар жеңил болдубу?

- Мен республикалык олимпиаданын 4 этабынан тең өттүм, абдан оор болду. Тапшырмалар оор болду. Олимпиадага күчтүү окуучулар гана катышкандыктан, мен өткөн жылдын сентябрь айынан бери даярдандым. Алар менен жарышуу кыйынга турду, ошондуктан мен жеңишиме абдан кубанып турам. Мен 4-турдан өтө аламбы деп көп ойлонуп, толкундандым. Бирок өзүңө ишенүү керек экен. Албетте, аракет да маанилүү.

Ошондой эле кандай мугалим, кандай даярдаганы абдан маанилүү. Эгер мугалимдин өзүндө терең билим жана жакшы педагогикалык жөндөмдүүлүгү болсо, анда ал окуучуну натыйжалуу даярдай алат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өзүмдүн кыргыз тили жана адабияты мугалимим Майрамкан Асаналиевага ыраазычылыгымды билдиргим келет. Менин деңгээлим — бул анын эмгеги.

- Ата-энеңиз олимпиадага катышам деген аракетиңизди канчалык колдошту?

- Мен олипиадага толук даярданышыма ата-энем шарт түзүп беришкен. Анткени алар билимдин баасын билишет: атам да, апам да — педагог. Апам мектепте кыргыз тилинен, атам чийүү жана сүрөт тартуу сабагынан сабак беришет. Ата-энем мага өз күчүмө ишенүүмө жардам беришти. Бул көп нерсеге татыктуу, ошондуктан бул үчүн мен аларга ыраазымын. Даярдыгым болсо мугалимимдин үйүндө өттү.

- Олимпиадага даярданууда мектептик китепканадагы материалдар жетиштүү болдубу? Интернет колдондуңузбу?

- Республикалык олимпиада — олуттуу сыноо, ошондуктан ага көп даярданып, ага кошумча маалымат издеш керек экен. Мен бул жактан мектептик программа менен гана чектелип калбаш керектигин көрдүм. Эгер жеңүүнү кааласаң — өз алдыңча иштөө керек. Биз, мисалы, ЖОЖдун студенттери үчүн жазылган китептерди таптык. Биздин мектепте интернет жок. Мамлекет мектептик китепканаларды кошумча окуу материалдары менен толуктап, электрондук китепканаларга жеткиликтүү болгон компьютерлер менен камсыз кылып турса жакшы болмок.

- Келечектеги олимпиаданын катышуучуларына кандай сунуш айтат элеңиз? Жеңиш үчүн эмне керек?

- Эң негизгиси — кызыгуу. Кызыгуу мугалимдерге түрткү болушу мүмкүн. Эгер окуучуда кызыгуу болбосо, анда ал эч кайсы китепти окубайт. Ошондуктан, байкашымча, мугалим тараптан багыт берүү зарыл. Ошондой эле өзүнө болгон ишеним маанилүү.

- Үй-бүлөңүз тууралуу айтып бериңизчи. Келечекте ким болгуңуз келет?

- Биз 4 бир тууганбыз, мен эң кичүүсүмүн. Менин 3 улуу агам бар, алар да мектепте жакшы окуп, ар кандай сынактарга катышкан. Мектептен кийин эл аралык мамилелер боюнча жогорку билим алууну пландап жатам. 1 жылдан кийин жалпы республикалык тестирлөөнү жакшы тапшыруу үчүн мен аталган олмпиадада кыргыз тили жана адабиятын тандадым.

- Ийгилик сизге!

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up