Жумгалдагы Жаңы-Арык айылынын окуучулары «Манас таануу» сынагында 3-орунга ээ болушту (фото)

Жумгалдагы Жаңы-Арык айылынын окуучулары «Манас таануу» сынагында 3-орунга ээ болушту (фото)

Билим АКИpress - Жумгал районунун Жаңы-Арык айылындагы Касымбек уулу Маvбеталы атындагы орто мектебинин окуучуларынан түзүлгөн «Улуу баян» командасы «Манас таануу» сынагынын облустук тандоо турунда 24 команданын ичинен байгелүү 3-орунду камсыз кылды. Алар буга чейин райондук сынакта жеңүүчү болуп, облустук турга катышууга жолдомо алышкан.

«Эки ай даярдыктын жыйынтыгы өз натыйжасын берип, байгелүү орунга ээ болдук», - деди мектеп директору Эржан Асанов. Аларды даярдоодо мугалимдер Бейшенбек кызы Нурай менен Сеитбек кызы Кыялдын эмгеги зор экенин кошумчалады ал.

Учурда аталган окуучулар 9-класста билим алышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up