Таласта «Манас таануу» таймашынын облустук туру өттү

Билим АКИpress - Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын облустук туру болуп өттү. Таймашка тандалган 12 команда катышып, билимин сынышкан.

Таймаш өзүнө төмөнкүдөй программаларды камтыды:

1. Саламдашуу;

2. «Манас» бөлүмү;

3. Көөнөргөн сөздөр;

4. Макал-лакаптарды чечмелөө;

5. Күтүлбөгөн суроо.

Жыйынтыгында Талас районунун Манас айылынан келген курама команда 1-орунду алса, 2-орунга Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылынын командасы ээ болуп, 3-орунга Талас шаарындагы №2 мектебинин окуучулары чыкты. Аларга республикалык турга жолдомо берилип, акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Сынакта алып баруучулук кызматты Азиз Биймырза уулу аткарса, калыстар тобунун курамына Камил Мамадалиев, Рыспай Исаков, Борончу Кудайбергенов кирген.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up