Математикадан республикалык олимпиаданы жеңген Бекжол дүйнөлүк олимпиадаларга да катышкан (фото)

Математикадан республикалык олимпиаданы жеңген Бекжол дүйнөлүк олимпиадаларга да катышкан (фото)

Билим АКИpress - Гонконгдогу дүйнөлүк олимпиадага катышып келген Бекжол Жолдубай уулу республикалык олимпиадада математика сабагы боюнча 1-орунду багындырды. Бекжол 8-классынан тарта олимпиадага даярданып келген.

«Алгач геометрия сабагы боюнча олимпиадаларга катышып, ийгиликтерди багынта алдым. Кийин математикага кызыгып, 2016-жылы Гонконгдогу дүйнөлүк олимпиадага барып, медалга жетпесем да, тажрыйба алып келгем. Кызыгуумдун үстүндө мугалимим менен кошо даярдандым. Ал мага китептердин аталышын айтат, аларды өзүм карап чыгам. Түшүнбөгөн суроолор болсо дароо кайрылам», - дейт ал.

Ал атаандаштары менен жакын дос болуп калгандыгын, мындан ары баары биригип Кыргызстандын атын чыгарууга аракет кылышарын айтат.

«Олимпиадаларга көп катышып келдим. Бирок баары бир коркуу сезими болот экен. Коркууга өзүмдү алдырбай, жакшы жазганга аракет кылдым. Ал эми атаандаштарым менен дос болуп калдым. Кайсы олимпиадага барбайын, алар менен бирге Кыргызстандын атын чыгарууга аракет кылабыз», - деп айтып берди ал.

Ийгиликтерди багындырган окуучу компьютердик инженерияга кызыккандыктан, келечекте ушул багыт боюнча билим алууну пландап жатат. Бирок азырынча кайсы окуу жайда билим ала турганын чече элек.

«Мен программист болууну каалайм. Себеби азыркы учурда технологиялар аябай өнүккөн, ошондуктан алардын программасын түзүү мен үчүн чоң жетишкендик болот», - деп кошумчалады Бекжол.

Буга чейин Казакстан жана Гонконгдо өткөн дүйнөлүк олимпиадаларга катышып келген окуучу Лейлек районунун Кулунду айылында чоңойгон. Учурда Кадамжайдагы «Семетей» лицейинин 11-классынын окуучусу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up