Түркия, Малайзия жана Польшада акысыз билим алган өзгөндүк Бердаалынын ийгиликтери (фото)

Түркия, Малайзия жана Польшада акысыз билим алган өзгөндүк Бердаалынын ийгиликтери (фото)

Билим АКИpress үлгүлүү окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — өзгөндүк Токтосун уулу Бердаалы. Ал Түркиядан, Малайзиядан билим алып, учурда Польшада окуп жаткан кези. Ошондой эле ал Европанын бир катар өлкөлөрүн кыдырганга да жетишти.

«Мен 1996-жылдын 23-апрелинде Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында туулуп, 2014-жылы аталган айыл өкмөттө К.Раимбеков атындагы мектеп-гимназиясында 11-классты аяктадым.

2014-2015-окуу жылында Кыргыз-түрк «Манас» университетине кабыл алынып, түркчө даярдоо курсун окудум жана ошол жылы Түркия мамлекетине караштуу Кастамону университетине YÖS (Yabancı öğrenciler sınavı) сынагы аркылуу окууга тапшырып, Экономика жана башкаруу факультетинин менеджмент бөлүмүнө кабыл алындым. Адам баласынын өмүрүнүн эң маанинүү чагы жаштык чагы эмеспи. Ал эми менин эң маанилүү, тагыраагы жаштык чагым — студенттик кезимдин Кастамону шаарында өтүп калгандыгы десем туура болот.

Айтылуу залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун «Адам баласы жакшылыкты жерден таба албайт, адамдан үйрөнөт» деген сөзү бар. Мен үчүн да жакшылыкты үйрөнгөн, баскан кадамы жана жасаган жумуштары менен мага жакшылыкты үйрөтө билген устаттарым, жолдошторум жана чакан кыргыз үй-бүлөсү атын алып жүргөн «Кастамону кыргыздары» десем жаңылбайм. Достор, туура түшүндүңүздөр, Кастамону — мен үчүн өзгөчө жолдоштордун, мыкты жол сапарлаштардын жана мыкты устаттардын шаары.

Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө кыска убакыт болсо да билим сапарында болдум жана алдын кызыл сызык менен сызып айта алам — Кастамону мен үчүн экинчи айылым. Балык сууда, куш абада бактылуу болгондой эле, мен да Кыргызстанда, Кастамонуда болгондо бактылуумун. Себеби Кыргызстандан алыс жерде Кыргызстандын түрдүү аймактарында чоңоюп, ал аймактын маданиятына сугарылып, кыргыз үчүн жан күйгүзгөн мекендештерим менен биргеликте бул билим сапарында жолоочу болгон өзүнчө чоң бакыт.

2016-2017-окуу жылынын экинчи чейрегинде Малайзия мамлекетинин Альбухари эл аралык университетинде (Albukhary international university), LAMT (Leadership and Management trainee) программасы менен лидерлик жана башкаруучулук жаатында билим алып келдим. Андан сырткары, 2017-жылдын жай мезгилинде Түркиянын Кутахия провинциясындагы Думлупынар университетинде Финансы, адам, уюм ресурстарын башкаруу жаатында билим алдым.

Агайыбыз Нуржигит Кадырбековдун «Чет өлкөгө жалгыз гана денеңер чыгып келбесин» деген жакшы сөзү бар. Агайдын бул сөзү — ар дайым бизди жаткан жерибизден тургузуп, Кыргызстандын абалын эстетип, күч берип туруучу сөз. Мен бул билим сапарымды адегенде эле Бишкектен баштап, андан соң Түркия, Малайзия болуп отуруп, азыркы учурда «Erasmus+» программасы менен Европага, тагыраагы Польшага келип калган учурум. Бул билим сапары мени дагы кай жактарга жолоочу кылаары жалгыз гана жаратканга аян.

Сөз арасында мен сиздерге «Erasmus+» программасы жөнүндө кыскача маалымат берүүнү каалар элем. Себеби «Билим бөлүшүүдөн бөксөрбөйт» дейт эмеспи. «Erasmus+» программасы — Европа биримдигине мүчө болгон 28 өлкө жана мүчө болбогон Түркия, Норвегия, Исландия, Югославия жана Лихтенштейн өлкөлөрү арасындагы студенттик алмашуу программасы. Бул программага өтүү үчүн адегенде студенттин окуудан ийгиликтүү болуусу шарт жана «Erasmus+» программасынын сынагынан өтүүсү керектелет.

Программадан бир жана эки семестр пайдаланууга болот, ал эми «ErasmusStaj» программасы менен адистик тажрыйба алуу максатында келсе болот. Ийгиликтүү студенттерге бара турган өлкөсүнүн жашоо шартына карата стипендия берилет жана окуусун ийгиликтүү окуп келүү милдеттендирилет. Албетте, сабактардын баары англис тилинде жүрүп, жаңы досторду табууга, жаңы маданият, каада-салттарды көрүүгө жана Европа биримдиги ичиндеги өлкөлөрдүн социалдык жашоосу, экономикасы, тарыхы, билим берүү системасы ж.б тармактарын жакындан көрүүгө чоң бир мүмкүнчүлүк, бул да болсо түрдүү жааттардан инсандык өнүгүүгө салым кошот деп ойлойм. Муну менен гана чектелбестен, коомдук иштер менен алектенгенге аракет кылам.

Аз да болсо аракеттерим жөнүндө бир аз айтып кетсем.

2015-2016-окуу жылын Кастамону шаарынын мэриясында «Gençlik Meclisi» (жаштар кеңеши) аттуу консейде чет өлкөлүк студенттер өкүлү катары дайындалып, өз салымымды коштум. 2016-жылдан азыркы күнгө чейин «UDEF KIRKDIREKLİ» фондунда кыргызстандык студенттердин өкүлү катары жоопкерчилик алып, аткаруудамын.

2016-жылдын 1-4-декабрь күндөрү Стамбул шаарында «I World Muslim Health Union»( I Дүйнөлүк ислам саламаттыкты сактоо биримдиги) конгрессинин уюштуруучу топтун мүчөсү болуп, жүктөлгөн кызматты аткарууга аракеттендим. 2017-жылдын 17-20-октябрь күндөрүндө Кастамону университетинде «III.Uluslararası Kafkasya ve Ortaya Dış Ticaret ve Lojıstık» (III Кавказ жана Орто Азиянын тышкы соода-сатык жана логистикасы) аттуу конгрессте уюштуруучу топтун мүчөсү болдум. 2017-жылдын 27-30-ноябрь күндөрү болсо «II World Muslim Health Union» конгрессинде уюштуруучу топтун мүчөсү катары жүктөлгөн жоопкерчиликтерди аткардык. 2016-жылдан азыркы күнгө чейин «Ümmet Gençleri» (Үммөт жаштары) фондунун Кастамону шаарынын өкүлү катары кызмат кылдым.

2018-жылдын 8-9-февраль күндөрү «Кыргыз Студенттери Платформа кеңешинин» (KSP кеңеши) кезексиз жыйында платформа координатору жоопкерчилигине дайындалдым, тактап айтсам, KSP кеңешинин төрөгасы Эрлан Баянов агайыбызга жардамчылык жоопкерчилигин алдым.

Мындан сырткары, эс алуу күндөрү башка өлкөлөргө же болбосо Польшанын ичиндеги башка шаарларга барып турам. Мисал катары айтсам, Чехияга барып келдим жана Польшанын үч шаарын кыдырып чыктым. Кубанычтуу кабар катары айтсам, жакында Венгрия жана Австрияга автобус билетин утуп алдым. Азыр жакшылыктарга себеп болсун деген үмүт менен эс алуу күнүн күтүп отурган чагым», - дейт Бердаалы.

«Мындан сырткары, Малайзия боюнча кээ бир маалыматтарды айта кетким келет: мамлекеттин калкы 35 миллиондун тегерегинде, расмий тили — малай тили. Мамлекеттик мектептерде малай, араб жана англис тилдеринде билим берилет. Ал эми кээ бир менчик мектептерде жергиликтүү кытайларга жана индейлерге да өздөрүнүн тилдеринде билим берүү мүмкүнчүлүгү бар. Кытайлар жана индейлерлер калктын 29,3%ын (22.6% кытай, 6.7% индей) түзөт. Албетте мунун да себеби бар.

Англиянын колониясы болгон убакта малайлардын (мусулмандардын) санын азайтуу максатында кытай жана индияляыктар көчүрүлүп келген. Ошондуктан да азыркы учурда кээ бир укуктардан малайлар гана пайдалана алышат. Мисалы, алар кээ бир мамлекеттик жумуштарга же университеттерге кире алышат. Айта кетчү нерсе, малайлардын саны 50,1%ды түзөт жана жергиликтүү индонезиялыктардын саны 11,8%ды түзөт.

Өлкөнүн экономикасы жөнүндө сөз баштасам: калктын киши башына түшкөн сумма Кыргызстандыкынан алда канча алдыда, башкача айтканда 27 миң 200 доллар (2016-жылдагы жыйынтык боюнча). Бирок ушул нерсени билүүбүз керек, өлкө калкынын пайызын түзгөн кытайлардын экономикага кошкон салымы аябагандай зор, өлкөнүн эң бай 10 адамынын ичинде бир гана малай бар. Малайзия экономикасына биринчи кезекте мал чарбасы менен дыйкан чарбасы салым кошот. Өлкөдө күрүч, пальма өсүмдүктөрү, ананас, какао жана түрдүү тропик мөмө-жемиштер жана жашылчалар өстүрүлөт. Деңиз менен курчалгандыгы үчүн балыкчылык жакшы өнүккөн. Токой азыктарынын экономикага кошкон орду да өзгөчө. Колония болгон убактарда кендери иштетилип, азыркы учурда аз иштелип жатат.

1970-жылдан тарта бензин жана табият газы иштелип чыгууда. Чыгышта так экватордо жайгашкан бул өлкөдө жамгыр жааган жана жаабаган мезгилдер бар, малай калкына кар көрүү жомоктогудай көрүнүш. Май, июнь, июль айларында жаан абдан жакшы жааган мезгил. Бир кыргызстандыктардын «күн ысык эмес, бирок демдүү» сөзүн Малайзияда түшүнүүгө болот.

Өлкөлөрүбүз арасындагы экономикалык, саясий абал жөнүндө так маалыматка ээ эмесмин, бирок Кыргызстан жөнүндө маалымат жокко эсе. Биз жөнүндө аларга маалымат берип туруучу эч ким жок. Сүрөттөгү мунаралар өлкөнүн символу катары таанылып, 1994-2004-жылдар арасында дүйнөнүн эң бийик эгиз мунарасы катары таанылган. Азыркы учурда Пенронос — нефть компаниясынын башкы имараты катары колдонулууда. Мыйзамы боюнча Малайзия абдан алдыда, мыйзам дегенде акылга «Англо Саксон» ( Anglo Sakson) мыйзамдык системасы келет, мындай болуусуна 1957-жылга чейинки Англиянын колониясы болгону себеп. Мыйзамдык түзүлүш шарият жана конституциялык мыйзам болуп экиге бөлүнгөн. Муну менен биргеликте аймактарга карата өзгөчөлүктөрдү, айырмачылыктарды көрүүгө болот. Адвокат болуу үчүн эки башка билим, тажрыйба, уруксат алуу керек», - деп өз ойлору менен бөлүштү Бердаалы.

Бердаалы үй-бүлөдө беш бир туугандын үчүнчүсү.

Жазган: Түркиядагы Кастамону университетинин 2-курсунун студенти Наргида Маликова

Сиз дагы мектептеги, жогорку окуу жайдагы кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up