Нарындык 3 окуучу «Америкалык ырлар - 2018» облустук сынагын жеңип алышты (фото)

Нарындык 3 окуучу «Америкалык ырлар - 2018» облустук сынагын жеңип алышты (фото)

Билим АКИpress - Нарын шаарында «Америкалык ырлар - 2018» сынагы өтүп, ага 8-11-класстардын окуучулары катышты. Алар америкалык ырларды аткарышып, калыстардын сынынан өтүштү.

Сынактын максаты – англис тилин өздөштүрүү менен АКШнын музыкалык маданиятын үйрөнүү. Алар буга чейин АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жарыялаган сынакка даярданышып, райондук сынакта ийгиликке жетишип, облустук сынакка жолдомо алышкан.

Аталган элчиликтин уюштуруусу менен өтүп жаткан сынакка Ат-Башы жана Нарын шаарынан тандалып келген окуучулар өздөрүнүн жеке аткаруусунда ырларды аткарышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Алар ар кыл мүнөздөгү ырларды чеберчилик менен аткарып беришти. Аларга элчиликтин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу калыстык кылышып, татыктуу бааларын беришти.

Жыйынтыгында калыстар тобу нарындык 3 окуучуну: Аскат уулу Байыш, Марат Байкишов жана Нурайым Нургазиеваны жеңүүчү деп таап, республикалык финалдык турга гала-концертке катышууга жолдомо тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up