Кадамжайда «Жылдын мыкты тарбиячысы – 2018» сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Кадамжайда «Жылдын мыкты тарбиячысы – 2018» сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Билим АКИpress - Кадамжай районунда «Жылдын мыкты тарбиячысы - 2018» кароо-сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-март күнү Кадамжай районунун А.Орозбеков айыл аймагына караштуу «Бактылуу балдар» бала бакчасында «Жылдын мыкты тарбиячысы - 2018» кароо-сынагынын райондук туру болуп өттү.

Район аймагындагы жалпы 39 бала бакчанын ичинен сынакка 5 бала бакча катышты. Алар: «Жеткинчек», Үч-Коргон, «Акылман», Кыргыз-Кыштак, «Баластан», Орозбеков, «Эдельвейс гүлү», Айдаркен жана «Нур» балдар бакчалары.

Сынакта Орозбеков айыл аймагына караштуу «Бактылуу балдар» бала бакчасы баш байгени утуп алды. Ал эми Айдаркен айыл аймагына караштуу «Эдельвейс гүлү» бала бакчасы 1-орунду, Майдан айыл аймагына караштуу «Нур» бала бакчасы 2-орунду жана Үч-Коргон, Жеткинчек жана Кыргыз-Кыштак айыл аймагына караштуу «Акылман» бала бакчасы 3-орунду камсыздашты.

Иш-чараны Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы усулкананын усулчулары уюштуруп, өткөрүштү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up