Сауд өнүктүрүү фондунун насыясына кайрадан курула турган мектептердин тизмеси

Сауд өнүктүрүү фондунун насыясына кайрадан курула турган мектептердин тизмеси

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы Бакыт Кадыркулов 30-мартта Билим АКИpress сайтына Сауд өнүктүрүү фондунун 30 миллион доллар насыясына кайра башынан курула турган мектептердин тизмесин берди.

Тизмеде 27 мектеп жана Бишкектеги 2 мектепке курула турган имараттар бар.

Тизме:

1. Ош шаарынын Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу Орке айылындагы Ч.Түлөбердиев атындагы №34 орто мектеби (375 орун);

2. Ош облусунун Араван районуна караштуу Чек-Абад айыл өкмөтүнүн Кочубаев айылындагы А.Тургунов атындагы №23 мектеп-интернаты (225 орун);

3. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл өкмөтүнүн Маданият айылындагы №42 орто мектеби (225 орун);

4. Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Борко айылындагы К.Каримов атындагы орто мектеби (375 орун);

5. Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу айыл өкмөтүндөгү Жусуп Мамыров атындагы орто мектеби (225 орун);

6. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик айылындагы С.Эшматов атындагы №38 орто мектеби (225 орун);

7. Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү Жеңижок атындагы орто мектеби (225 орун);

8. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Ак-Там айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ата айылындагы Ы.Чынгылов атындагы орто мектебине окуу корпусу (225 орун);

9. Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Сары-Камыш айылындагы З.Эгембердиев атындагы орто мектеби (225 орун);

10. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ырыс айылындагы З.Бакиров атындагы орто мектеби (225 орун);

11. Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Алгын айыл өкмөтүнүн Чуңкур-Кыштак айылындагы №41 орто мектеби (150 орун);

12. Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Исфана шаарынын Голбо айылындагы К.Казыев атындагы орто мектеби (275 орун);

13. Баткен шаарындагы мектеп (375 орун);

14. Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылындагы А.Идинов атындагы орто мектеби (225 орун);

15. Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн Бугу (Бугучу) айылындагы мектеп;

16. Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн Кара-Тал айылындагы Табалдиев атындагы орто мектеби (225 орун);

17. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Боз-Учук айыл өкмөтүнүн Ново Вознесеновка айылындагы М.Жусупов атындагы орто мектеби (375 орун);

18. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан айылындагы Т.Сатылганов атындагы орто мектеби (275 орун);

19. Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Улахол айыл өкмөтүнүн Оттук айылындагы М.Мамбетов атындагы орто мектеби (275 орун);

20. Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боотерек айылындагы Дүйшөбаев атындагы орто мектеби (150 орун);

21. Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылындагы Кашка-Жол атындагы орто мектеби (275 орун);

22. Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айылындагы Жайылган атындагы орто мектеби (150 орун);

23. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн Мирное айылындагы толук эмес орто мектеби (275 орун);

24. Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Озерное айылындагы мектеп (375 орун);

25. Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айылындагы мектеп (500 орун);

26. Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылындагы Мурзалиев атындагы орто мектеби (150);

27. Бишкек шаарындагы №61 мектеп-лицейине кошумча курулуш (375 орун);

28. Бишкек шаарынын Арча-Бешик-2 конушундагы мектеп (500 орун);

29. Бишкек шаарындагы №5 улуттук компьютердик гимназиясына кошумча окуу имараты (375 орун).

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up