Жаңы-Тилек айылынын мугалимдери жергиликтүү тургундарга «Ыр кесе» тартуулашты

Жаңы-Тилек айылынын мугалимдери жергиликтүү тургундарга «Ыр кесе» тартуулашты

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Тилек айылындагы Сабитакун Жусупбаев атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты жергиликтүү тургундарга «Ыр кесе» тартуулашты. Бул тууралуу аталган мектептин директору Мирбек Чырмыев билдирди.

Маалым болгондой, Аймактарды өнүктүрүү жылына карата жана мугалимдердин таланттарын элге алып чыгуу, жергиликтүү тургундардын көңүлүн көтөрүү максатында уюштурулган «Ыр кеседе» мугалимдер өздөрүнүн талантын, өнөрүн тартуулашып, ыр-бийлерди жана сатиралык чыгармаларды аткарышты.

Ал эми салтка айлангандай, «Ыр кесенин» кезеги «Нур-Эл» бала бакчасына сунулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up