Мектептен министрликке чейин: Билим берүү министринин жаңы орун басары Надира Жусупбекованын резюмеси

Мектептен министрликке чейин: Билим берүү министринин жаңы орун басары Надира Жусупбекованын резюмеси

Билим АКИpress - Надира Жусупбекова 2018-жылдын март айында билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды.

Министрликтен Билим АКИpress сайтына жаңы орун басардын резюмесин беришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, Надира Санташевна Жусупбекова 1964-жылы 31-мартта Ош шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын атасын Чүй облусунун Сокулук районунан Ош шаарына иш үчүн жиберишкен.

Министрдин орун басары болуп дайындалганга чейин 1 жылдай Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу институтунун Тил педагогдорунун квалификациясын жогорулатуучу инновациялык технологиялар борборунун жетекчиси кызматын аркалаган.

2014-жылдын апрель айынан баштап 2017-жылдын март айына чейин Социалдык интеграция борборунун мамлекеттик тил жана көп тилдүүлүк билимди өнүктүрүү багытын жетектеген.

2013-жылдын август айынан 2014-жылга чейин Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын билимди өнүктүрүү бөлүмүн жетектеген.

2005-жылдан 2013-жылга чейин №61 автордук физика-математикалык мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеген.

2000-жылдан 2005-жылга чейин №61 автордук физика-математикалык мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенген.

1992-жылдан 1996-жылга чейин «Тумар» фирмасында катчы-референт болуп иштеген.

1990-1991-жылдары Бишкек шаарындагы №19 мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенген.

1987-жылдан 1990-жылга чейин Таш-Көмүр шаарындагы Тоголок Молдо атындагы №3 орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеген.

1986-1987-жылдары Калинин районундагы Степнинское айылындагы мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеген.

Билими боюнча Надира Жусупбекова улуттук мектептеги орус тили жана адабияты мугалими. 1986-жылы Фрунзе педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты бөлүмүн аяктаган.

Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү. Жолдошу — архитектор. 3 баланы тарбиялап жатышат: 1 кызы жана 2 уулу бар.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up