Базар-Коргондо окуучулар арасында райондук спартакиада өттү

Билим АКИpress - 2018-жылдын 31-мартында Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн 2017-2018-окуу жылындагы планына ылайык, райондогу окуучулар арасында Бобур атындагы №3 жана Ө.Атабекова атындагы №30 гимназия-мектептеринде «Ден соолук - 2018» спартакиадасы өткөрүлдү.

Спорттук мелдешке райондун бардык айыл аймактарында жеңүүчү болгон курама командалар катышты. Жыйынтыгында жалпы командалык эсеп менен Арстанбап айыл аймагынын окуучулары 1-орунду, Кеңеш айыл аймагынын окуучулары 2-орунду жана Базар-Коргон айыл аймагынын окуучулары 3-орунду алышты.

Мелдеште жеңген командалар спартакиаданын облустук туруна жолдомо алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up