Таластык мугалимдер волейбол боюнча республикалык турнирде күмүш медаль тагынышты

Таластык мугалимдер волейбол боюнча республикалык турнирде күмүш медаль тагынышты

Билим АКИpress - Нарын шаарында «Энелердин волейбол лигасы» уюштурган республикалык турнирде таластык айымдар командасы байгелүү 2-орунду камсыз кылышып, республикалык чемпионатка катышууга жолдомо алышты.

Турнирге Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айымдарынан куралган 12 команда катышты. Оюндун жүрүшүндө Таластын командасы өзүн мыкты көрсөтүп, атаандаштарынан кыйла озуп, финалга чейин жетишкен. Финалда алар Ат-Башынын командасынан жеңилип, 2-орунга ээ болушту. Аларга уюштуруучулар тарабынан 2-даражадагы диплом жана күмүш медаль тапшырылды.

Аталган мугалимдер Талас районунун Кара-Ой айылындагы Асылкан Бөрүбаев атындагы орто мектебинде эмгектенишет. Ошондой эле команданын капитаны болгон мектеп директору Бактыгүл Мүсүралиева «Мыкты оюнчу» деп табылып, турнирдин атайын баалуу белегине татыктуу болду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up