Нарындык студенттер окутуучулары менен бирге саякатта болушту

Нарындык студенттер окутуучулары менен бирге саякатта болушту

Билим АКИpress - С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Педагогика факультетинин «Тарых, философия жана социалдык- экономикалык билим берүү» кафедрасынын профессордук-окутуучулук жамааты жана тарых адистигинин студенттери жергебиздеги тарыхый-этнографиялык эстеликтерди окуп-үйрөнүү максатында архивдик-музейдик практикалык экскурсияда болушту.

Алар Кочкор айылындагы тарыхый мекен таануу музейинде, Боом капчыгайындагы 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө арналган мемориалдык комплексте, Токмок шаарындагы 17-кылымдын чыгаан инсаны Манап бийдин эстелигинде, Бурана тарыхый-архитектуралык комлексинде, орто кылымдардагы Караханийлер мезгилинде курулган Бурана тарыхый-архитектуралык минаретинде болушту жана андагы таш балбалдары туурасында маалымат алышып, музей менен таанышты.

Мындан тышкары, Кыргыз-Түрок «Манас» университетинин тарыхый-этнографиялык музейиндеги археологиялык казуу мезгилинде табылган артефактылар аркылуу таш, коло дооруна таандык эстеликтер жана Борбордук Азиянын байыркы жана орто кылымдардагы элдердин материалдык маданияты менен жакындан таанышып, музейдин илимий кызматкерлери менен суроо-жооп иретинде маалымат алышты

Ошондой эле Чоӊ-Таш айылындагы «Ата Бейит» мемориалдык комплексинде өкмөт мүчөлөрү менен бирдикте ишембиликке катышып, карагайдын, бактын көчөттөрүн отургузушту жана мемориалдык комплекстеги тоталитардык режимдин репрессиясынын курмандыктарынын, улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун, 7-апрель революциясынын шейиттеринин күмбөздөрүнө таазим кылышып, куран окушту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up