География сабагынан республикалык олимпиаданы жеңген таластык Канаттын ийгилиги (фото)

География сабагынан республикалык олимпиаданы жеңген таластык Канаттын ийгилиги (фото)

Билим АКИpress - Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылынын 18 жаштагы тургуну Дүйшөнбеков Канат талыкпай билим алып, география сабагынан облустук олимпиадада 1-орунду багындырды.

«Мен, Дүйшөнбеков Канат Маратович, 2000-жылы 14-январда жарык дүйнөгө келгем. Учурда Талас облустук чет тилдер багытындагы лицей-компелексинин 11-классынын бүтүрүүчүсүмүн.

Мен география сабагына 16 жашымдан бери кызыгып, тереңдетип окуй баштагам. Себеби бизге география сабагынан жаңы мугалим Сулайманов Нурбол агай келип сабак бере баштаган. Анын берген сабактары кызыктуу болгондуктан, өзүм да абдан кызыгып, айтор, олимпиадага даярданып баштагам. Даярданганда режим менен окудум. Катуу даярдык көрүп, башка сабактардан бошотулгам. Атайын даярдалган материалдарды (атлас, тесттер, практикалык тапшырмалар, видеороликтер жана слайддар) колдондум. Башкача логикалык тапшырмалар боюнча да даярдандым. Кээде таң эрте туруп алып окуган күндөр да болду.

2016-2017-окуу жылында областтык олимпиададан 2-орунду ээлегем. 2017-2018-окуу жылында шаардык, райондук, облустук олимпиадалардан 1-орунду алып, республикага да чыгып келдим. Жетишкен ийгиликтериме эң биринчи Сулайманов Нурбол агайдын жана Донбаева Гүлайым эженин эмгеги чоң.

Мен үчүн эсте калган күндөрүм — даярданып жаткандагы кыйынчылыктар менен 1-орунду алганым тууралуу кабар болду. Ал сезимдерди сөз менен жеткизиш кыйын. Укканда, чынын айтсам, ишенген жокмун. Анан өз көзүм менен көргөндө, албетте, сүйүндүм. Кадимкидей жеңилдей түштүм.

Бош убакыт болгондо ар кандай спорттук оюндарды ойноп, футбол, волейбол, күрөш менен алектенем. Талас областтык жаштар кеңешинин ыктыярчысымын. Учурда «Дилгир» жаш лидерлердин квалификациясын жогорулатуу курсунда окуп жатам. Коомдук иштерге активдүү катышып келем», - деп айтып берди ал.

Канат үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up