Ат-Башылык Айдана математика боюнча облустук олимпиаданы жеңип алды

Ат-Башылык Айдана математика боюнча облустук олимпиаданы жеңип алды

Билим АКИpress - Нарын шаарында математика сабагы боюнча 6-класстар арасында өткөн олимпиадада Ат-Башыдагы К.Карпеков атындагы орто мектебинин окуучусу Айдана Нааматова 1-орунду камсыз кылды. Бул тууралуу аталган мектептин директору Алтынбек Иманкулов билдирди.

Айдана олимпиаданын облустук туруна катышып, өзүнүн мектепте алган билимин тастыктай алды. Анын жеңишине окуткан мугалими Жусубалиева Чынаранын эмгеги чоң.

Ошондой эле Айдана мектептин коомдук иштерине да активдүү катышып келет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up