Америкада 11-класста акысыз окуп жаткан Айгүл Кыргызстан тууралуу 40тан ашуун презентация жасады (фото)

Америкада 11-класста акысыз окуп жаткан Айгүл Кыргызстан тууралуу 40тан ашуун презентация жасады (фото)

Билим АКИpress үлгүлүү окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Америка Кошмо Штаттарынын Калифорния штатында 11-классты акысыз окуп жаткан жалал-абаддык 17 жаштагы Айгүл Сапарова.

«Мен Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунда жарык дүйнөгө келгем, бирок көп жылдан бери Аксы районунун борбору болгон Кербен шаарында үй-бүлөбүз турабыз. 11-класска чейин Кербендеги Жунай Мавлянов атындагы жатак-лицейинде окугам. Ал эми мен «FLEX» программасынын финалчысы болгондугума байланыштуу учурда 11-классты Калифорния штатында окуп жатам.

«FLEX» программасына катышып калуума чоң себеп болгон менин эжем жана ата-энем. Менин эжем аталган программа боюнча 4 жыл мурун Америкада билим алып келген. «Эжени көрүп сиңди өсөт» демекчи, мен дагы эжем сыяктуу көп нерсени үйрөнгүм келип, программанын сынагына катыштым. Ошондой эле биздин мектепке «Тынчтык Корпусу» тарабынан жөнөтүлгөн ыктыярчы Joseph McCleary жана өзүмдүн англис тили мугалимим Зыйнат Шатманова мага чоң жардам беришти. Алар менен абдан тыгыз иштеп, ийгиликке жеттим.

«FlEX – Future Leaders Exchange program» 3 бөлүктөн турат. Мен катышкан жылы сынакка 4 миңдей окуучу катышып, 96 окуучу жеңүүчү болгонбуз. Баарыбыз 16-17 жаштабыз. Программада жеңишке жетишүү үчүн англис тилинде тест, бир нече эссе, тайпалык оюн жана интервью сыяктуу тапшырмаларды мыкты аткаруу керек.

Америкада мен кадимки 11-класстын окуучусумун. Мектепте өзүң каалаган сабакты тандап окуйсуң. Мен бул жакта коомдо активдүү болууга аракет кылып жатам. Мен үчүн ар бир мүнөт маанилүү. Жаңы келгенде мектепте кичине кыйналдым, себеби бардык сабактар англис тилинде. Кудайга шүгүр, алгебраны жакшы окуган экенмин. Англис тилинде түшүнбөй калсам да, сандарды көрүп, эсептерди чыгарып койчумун.

Америкада үйү жок адамдар үчүн тамак берип турган уюмдар бар. Мен ал уюмдарга тамактарды бышырууга, аларды таратууга жардам берип келем. Америкада мектептер 3 бөлүккө бөлүнөт: башталгыч, ортоңку, жогорку. Сабактарым бүткөндөн кийин башталгыч мектептерге барып, жаш балдар менен ойноп, мугалимдерге жардам берем. Ал жерге жумасына 3-4 жолу барып турам.

Америкага келгенде бизге тапшырма берилет. Өзүбүздүн малекетибиз жөнүндө маалымат жайылтышыбыз керек болот. Мен Кыргызстан жөнүндө 40тан ашуун презентация жасадым. Кыргызстан жөнүндө мен жашаган шаардагы адамдардын көбү билип калды десем болот.

Келечекте бизнес үстүндө иштейин деп жатам. Кандай болсо да, Кыргызстанды жакшы жашоого жеткирүүгө жардам бергим келет. Менин планым – азыркы билим берүү системасын түп тамыры менен жок кылып, жаңы система жаратуу.
Кыргызстандын жаш лидерлери менен иштеп, максатымды ишке ашырууга аракет кылам.

Үйүңдөн чыкмайынча үйүңдүн кадырына жетпейт экенсиң. Атам мага бир видео жөнөтүп калды. Анда атам аккордеондо ырдап жатыптыр. Ал ыр туулган жер жөнүндө экен. Бир убакта кичинекей бала атам ырдап жаткан жерге чуркап келип, Кыргызстандын желегин желбиретип баштады. Көрсө, желекти көрүп да көзгө жаш алууга мүмкүн экен. Ал видеону көрүп, ыйлап жибере жаздадым.

Менин талантым – тилди оңой өздөштүрүү. Элдин алдына чыгып сүйлөгөндү аябай жакшы көрөм. Ошондой эле коомго пайда келтирүүчү иштерди уюштурууну абдан баалайм.

Өзүм теңдүүлөргө кеңешим: убакыт абдан баалуу, андыктан 50 жылдан соң артты карап, өзүбүз менен сыймыктаныш үчүн азыр кыймылды колго алуу керек. Кыргызстан биздин колубузда. Аны гүлдөтүү же тескерисинче жок кылуу ар бирибиздин жоопкерчилигибиз болуп саналат.

Мен ыраазычылыгымды дайыма мени колдогон ата-энеме, бир туугандарыма
билдирмекчимин. Ошондой эле менин мектебиме жана мугалимдериме ыраазычылык!», - дейт Айгүл.

Жазган: К.Чекиров атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Зуура Байызбекова

Сиз дагы мектептеги кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com


Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up