35 жылдан бери кол эмгекти окуткан Айчүрөк Макаева «Кожойке» ийрими менен окуучулардын өнөрүн ачып келет

35 жылдан бери кол эмгекти окуткан Айчүрөк Макаева «Кожойке» ийрими менен окуучулардын өнөрүн ачып келет

Билим АКИpress - Алай районунун Гүлчө айылынын тургуну Айчүрөк Макаева 35 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келет. Кесиби боюнча кол эмгек мугалими, учурда өз өнөрлөрүн окуучуларга үйрөтүп, «Кожойке» («Хозяюшка») ийримин негиздеген. Ийримге кол өнөрчүлүккө кызыккан окуучулар келип, кол өнөрчүлүктүн сырларын үйрөнүп, жасаган буюмдарын сатыкка да чыгарып келишүүдө.

«Менин апам чебер болгон. Ал учурда 72 жашта. Ушул күнгө чейин боз үйдүн жасалгаларын жасоодо көмөк көрсөтүп турат. Апамды көрүп жүрүп, мен дагы кол өнөрчүлүккө кызыгып, Жалал-Абад облусундагы педагогикалык институттун эмгек, чийүү адистиктерине тапшыргам. Окуу жайды аяктаган соң Т.Отунчиев (эски аталышы Маракенко) атындагы орто мектебинде эмгектене баштадым. Мектептеги окуучуларга кол өнөрчүлүк, ашпозчулук боюнча билим берип келем. Атайын кол өнөрчүлүккө кызыккан окуучулар үчүн «Кожейке» ийримин дагы ачкам. Учурда кыздарым токуганды, сайма сайганды үйрөнүп жатышат», - деди ал.

Айчүрөк айым окуучуларга дем берүү үчүн алардын жасаган буюмдарын мугалимдерге сатат. Окуучулары майрам учурунда жасаган буюмдарын көргөзмөгө да алып чыгып турушат.

«Окуучуларым чай туткучтарды, чайнектин алдына коё турган буюмдарды жасап келишет. Мен аларды кызыктыруу үчүн жасаган буюмдарын мугалимдерге сатып берем. Окуучуларым аябай кызыгып калышат. Учурда Алай жаштар борборуна барып, билимдерин дагы да кеңейтип жатышат. Шаарлардан жүрөкчөлөрдү, гүлдөрдү жасаганды, кагаздардан квиллинг, оригами технологиясы менен ачык каттарды (открытка) жасоону үйрөнүшүүдө. Быйыл жасаган буюмдарын Нооруз майрамында көргөзмөгө алып чыгып, сатыкка да чыгарышты», - деди А.Макаева.

Айчүрөк айым эл агартуунун мыктысы. Ал 2005-жылы «Жыл мугалими» сынагына катышып, Алай районунда «Жылдын мыкты мугалими» болууга жетишкен. Учурда 55 жашта, 3 баланын энеси.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up