Бишкекте Россия университеттеринин жарманкеси өтүп жатат (ЖОЖдордун тизмеси)

Бишкекте Россия университеттеринин жарманкеси өтүп жатат (ЖОЖдордун тизмеси)

Билим АКИpress - Бүгүн, 4-апрелде Бишкекте жыл сайын өтүүчү Россиянын жогорку окуу жайларынын «Бишкек-2018» көргөзмө-жарманкеси старт алды.

Көргөзмөгө Москва, Новосибирск, Хабаровск, Курск жана Россиянын башка аймактарындагы жогорку окуу жайлар катышууда:

- И.И.Ползунов атындагы Алтай мамлекеттик техникалык университети

- Санкт-Петербург шаарындагы Д.Ф.Устинов атындагы «Военмих» Балтия мамлекеттик техникалык университети

- Глазов шаарындагы В.Г.Короленко атындагы Глазов мамлекеттик педагогикалык университети

- Москва мамлекттик азык-түлүк өндүрүү университетинин Эл аралык билим берүү институту

- Казань Федералдык университети

- Комсомольский-на-Амур мамлекеттик техникалык университети

- Долгопрудный шаарындагы Москва физика-техникалык институту

- Зеленоград шаарындагы «Москва электрондук техника институту» Улуттук изилдөө университети

- Москва шаарындагы «МИФИ» улуттук ядролук изилдөө университети

- Ново мамлекеттик педагогикалык университети

- Томск шаарындагы Сибирь мамлекеттик медициналык университети

- Хабаровск шаарындагы Тынч окен мамлекеттик университети

- Тюмень мамлекеттик университети

- Курск шаарындагы Түштүк-Батыш мамлекеттик университети

Бишкектеги жана Чүй, Ысык-Көлдүн шаарларында (Токмок, Кант, Кара-Балта, Каракол, Чолпон-Ата) өтүп жаткан көргөзмөнүн алкагында абитуриенттер үчүн жогорку билим алуу маселелери боюнча кесипке багыт берүүчү жолугушууларды, презентацияларды, предметтик тестирлөө жана жекече консультацияларды өткөрүү пландалган.

Көргөзмө 4-апрелден 6-апрелге чейин К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында (Бишкек шаары, Огонбаев көчөсү №242) саат 10:00дөн 17:00гө чейин иштейт (кирүү акысыз).

Сыртка чыгуу иш-чаралары 4-5-апрелде Чүй облусунда жана 9-апрелде Ысык-Көл облусунда пландалып жатат.

Көргөзмө-жарманкенин уюштуруучулары — КРдагы Россия кызматташытк өкүлчүлүгү, КР Билим берүү жана илим министрлиги жана К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын колдоосунда «Москва Классиктери» коомдук фонду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up