Түркияда бекер окуп, стипендия алып жаткан Мырзахит — студенттик гезиттин, жаштар клубунун түптөөчүсү (фото)

Түркияда бекер окуп, стипендия алып жаткан Мырзахит — студенттик гезиттин, жаштар клубунун түптөөчүсү (фото)

Билим АКИpress үлгүлүү окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — өлкөнүн мурунку президенти А.Атамбаевдин Ардак грамотасына татып, стипендиясын алган Кадамжай районунун 23 жаштагы тургуну Мырзаев Мырзахит. Ал учурда Түркияда бекер окуп, стипендия алууда.

«Мен Мырзаев Мырзахит Эминжанович, 1994-жылы 5-июнда Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Ынтымак деген кичинекей айылында жарык дүйнөгө келгем. Мектеп босогосун 6 жашымда аттадым. 2000-жылы аталган айылдын орто мектебине 1-класска кирдим. Биздин айыл район борборуна да, айыл өкмөт борборуна да алыс, анан кичине айыл болгону үчүн ал убакта бала бакчага деле барган жокмун, анткени айылыбыздын бала бакчасы жок болчу.

2000-2008-жылдардын арасында Ынтымак орто мектебинде билим алдым. 8-классты бүткөндөн кийин Ош шаарындагы Уркуя Салиева атындагы таланттуу балдардын лицей мектеп-интернетында окуп баштадым. Менин жашоомдогу эң чоң бурулуштар, өзгөрүүлөр дал ушул жерде башталды деп айтсам жаңылыштык болбостур. Анткени, биринчиден, үй бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү болуп, аябай эле эрке өстүм, экинчиден айылда жүргөндө «Алыш» күрөшү менен машыгып жүргөнүм үчүн өзүмдү спортчу болом деп элестетер элем.

Ош шаарындагы Уркуя Салиева жатак-лицейине келген соң, мен спорттон окууга толук өттүм. Жатаканада жашап, өз кириңди өзүң жууйсун, өзүң кийим үтүктөйсүң, ал жердеги балдардын ар бири мыкты, аларга жетүү үчүн аракет кыласың. Ошентип, бул мектепте окуган жылдары мен токтолдум, ата-эненин кадырын биле баштадым, Кыскасы, турмуш эмне экенин түшүнүп баштадым десем болот. 11-класска келгенде жатаканадагы окуучулардын президенттигине талапкерлигимди коюп, дээрлик 90% менен утуп чыктым. Ошентип, мектептен эле команда менен иштешүүгө үйрөндүм десем болот.

Президенттин милдетине жатаканада жашаган 400 окуучуну кечки саат 9да жоктоп, 10до жаткырып, эрте менен 6да ойготуп, көнүгүү жасатып, андан соң ашканага кирүүсүн көзөмөлдөп, саат 8ден кечикпей мектепте болуп калуусун камсыздагандан баштап, социалдык иш-чараларга чейинки милдеттемелер кирет эле. Ал ордум да мага чоң тажрыйба боло алды.

Орто мектепти аяктагандан кийин болсо, билим алуу үчүн Бишкекке жол тарттым. Бир катар окуу жайларды көрүп, аягында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына тапшырууну оң көрдүм. Ошентип АГУПКРдин мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытында менеджерлик адистик боюнча окуп калдым. Бирок сынак аркылуу Кыргыз-Түрк «Мана» университетинин теология бөлүмүнө да өткөн элем. Ошого карабай, келишимдик негизде болгонуна да кайыл болуп, АГУПКРде окуп калдым. Ал окуу жайды тандап калганымдын себеби, келечекте мыкты кадр болуп, мамлекетке кызмат кылуу эле. Ошентип, 5 жыл жогорку окуу жайында окуган соң «Türkiye Bursları» стипендиялык программасы аркылуу Түркияга окууга тапшырып, учурда Анкара шаарындагы Гази Университетинде саясат жана социалдык илимдер бөлүмүндө магистратурада окуп жатам.

Түркияда билим берүү системасы күчтүү десем болот, ал эми коррупция дээрлик жокко эсе. Мен бул жаатта көп ойлоном. Менин жеке пикирим боюнча, Түркиядан ала турган бир нече системалар бар. Эң эле биринчи жалпы республикалык тестирлөөгө токтолгум келип турат. Мисалы, университетке кабыл алууда Түркияда биздин ЖРТ сыяктуу тести бар. Ал тесттен бардык эле студенттер өтө албайт, тест өтө оор, анан да тесттен өткөн абитуриенттердин алган упайына жараша университет, региондор туш келет. Эң жогорку баа алгандар Анкара, Стамбул, Измир сыяктуу чоң шаарларда окууга мүмкүнчүлүк алышат. Андан кийинки жакшы баа алгандар Конья, Анталья сыяктуу шаарларда окуса, андан кийинки орто упай алгандар чакан шаарлардагы университеттерде билим алышат. Башкача айтканда, Анкарада төрөлгөндөрдү Измирге, Измирде туулгандарды Самсунга бөлүп, ар бир шаарга студенттерди чачат. А мамлекет жаштар аркылуу ар кайсы регионду туруктуу кармай алат. Ушул ыкманы биздин Кыргызстанга да алсак туура болмок деп ойлойм.

Биринчиден, Бишкек жана Ош шаарларында толуп алган жаштарды аймактарга кайра тартса, экинчиден, трайбализм деген илдетти жоймок. Үчүнчүдөн болсо, кичинекей шаарларыбыз да өнүгүү жолуна түшмөк. Мисалы, алыскы Лейлектин Исфана шаарында бир университет ачылса, ал жерде жок дегенде 5-10 миң студент окуйт. Анын айланасында соода түйүндөрү, коомдук тамактануучу жайлар, коомдук транспорттор пайда болот, шаардын экономикасы көтөрүлөт. Анан ал жерде Баткендин да, Таластын да, Чүйдүн да, Оштун да, кыскасы, ар бир облустун жаштары келип окумак. Эң мыкты баа алган абитуриенттер Бишкек жана Ош шаарларында окуй бермек. Азыр болсо негизинен жаштардын баары Бишкек, Ош, Жалал-Абад ж.б шаарларга толуп алып, андан башка кичинекей, чакан шаарларыбыз ээнсиреп баратат», - дейт Мырзахит.

Ал окуудан сырткаркы, коомдук иштерге да активдүү катышып келет.
«Окуудан сырткары, социалдык жашоодо да активдүү болууга аракет кылам. Коомдук иштер — жашоомдун эң маанилүү бөлүгү деп койсом да болот. Бишкекте жүргөндө КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында студенттердин «Лидер-Инфо» гезитин негиздеп 2,5 жылга жакын редактору катары иштедим. Бул аралыкта өтө мол тажрыйба топтой алдым.

2014-жылы күзүндө Бишкек жана Ош шаарларында «Жаштар жаңы кадрдык саясат үчүн!» аттуу чоң деңгээлдеги иш-чараларды өткөрдүк. Анын максаты — мамлекеттик кызматтарга кадрларды тандоодо талапкерлердин ким экендигине эмес, кандай кадр экенине көңүл буруу, кызматка алууда бюрократиялык жолдорго бөгөт коюуга чакыруу. Түркияга келгенде санаалаш достор менен бирге «KYRGYZ YOUTH» жаштар клубун түптөп, иштеше баштадык.

Демилге мен тараптан болгону менен иштин жүрүшү, клубдун бутка туруусу түздөн-түз команданын күчү менен ишке ашты. 2016-2017-жылда төрагалыкты аткардым, 2017-жылы октябрда шайлоо жолу менен кийинки төрагалык Кыял Байтуровага өттү. Буюрса, жыл сайын төрагалык орун үчүн шайлоо болуп турмакчы. Анткени жыл сайын жаңы лидер келип, жаңы команда менен иштесе, клубдун иштери да эффективдүү болот деп ойлойм. Буюрса, 2018-жылдын апрель айында Бүткүл түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп чечилген Кастамону шаарында 1937-38-жылдардагы репрессия курмандыктарын эскерүү иш-чарасын өткөргөнү жатабыз. Алдыдагы пландар болсо, четте окуп жүргөн билимдүү, ыймандуу, мекенчил жаштардан белдүү команда топтоп, бүтүндөй тажрыйба, билимибизди бириктирип, бакубат Кыргызстанды куруу үчүн иштөө. Негизи эле келечектеги максаттарымдын дээрлик баары Кыргызстан менен байланышкан. Мамлекеттин көйгөйлөрү, алдыдагы келечеги жөнүндө көп ойлоном, көп түйшөлөм. Кээде өлкөмдүн келечеги өтө туман болуп көрүнөт, кээде болсо кайра күч топтоп оптимисттик көз караш менен кароого аракет кылам.

Азыркы жаштардын мойнунда алдыдагы келечекте өтө оор милдеттердин эң башкысы — Кыргызстан деген мамлекетти дүйнөлүк картада сактап калуу, аны өнүктүрүү жана көздүн карегиндей сактоо. Биз, жаштар, күчтүү, зирек, дилгир, патриот, таза болушубуз керек. Таза, күчтүү дегенимде көп маани жатат... Айтайын дегеним, жемкор, анан башкаларга көз каранды болбошубуз керек. Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков сыяктуу аталарыбыз убагында өлкөбүз Союздун курамында болгонуна карабай, өлкө кызыкчылыктары үчүн өз жандарын тобокелге коюп иштешкен. Бул биз үчүн өтө чоң өрнөк болушу керек. Келечекте мен да алар сыяктуу мамлекеттин инсаны болуп, өмүрүмдү өлкөм үчүн арнагым келет.

Кыргызстан деген өлкө кээ бирлери үчүн жөн гана туулган жер, жашаган өлкөсү же дагы башка болушу мүмкүн, ал эми мен үчүн – өтө азиз, өтө ыйык, баа жеткис өлкө. Эгер дүйнөдө Кыргызстан деген мамлекет жок болсо, анда менин да жашоодо болгонумдун эч кандай кызыгы калбайт. Өлкөм үчүн өмүр бою кызмат кылгым келет, жашоомдогу эң башкысы миссия ушул», - деп айтып берди ал.

Мырзахит үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү.

Жазган: Түркиядагы Кастамону университетинин 2-курсунун студенти Наргида Маликова

Сиз дагы мектептеги, жогорку окуу жайдагы кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up