Республикалык олимпиадада 3-орунду ээлеген Айтурган бий менен алектенет (фото)

Республикалык олимпиадада 3-орунду ээлеген Айтурган бий менен алектенет (фото)

Билим АКИpress үлгүлүү окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Талас шаарындагы №3 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Айтурган Өскөнбаева. Ал облустук олимпиададан биринчиликти алып, республикалык олимпиадада орус тили жана адабияты сабагынан 3-орунду камсыздады.

«Мен бул олимпиадага 10-классымдан бери катышып жатам.
Былтыркы облустук олимпиадада 1-орунду алсам, быйыл республикалык олимпиадага катышып, 3-орунду ээледим.

Андан тышкары, география сабагына аябай кызыгам. 9-классымда шаардык олимпиадада 1-орунду ээлегем. Бош убактымда китептерди, романдарды көп окуйм.

Бий менен да алектенем. Талас шаарындагы А.Огомбаев музыкалык бий мектебинин хареография бөлүмүн 5 жыл окуп, ийгиликтүү аяктагам. Бийге кичине кезимен бери эле кызыкчумун. Сыналгыдан бийчилердин бийлегенин көрүп, туурай берчүмүн. Бий мектебине апам мени 10 жашымда алып келген. Азыркы учурда ар кандай маданий иш-чараларда, тойлордо элге кызмат кылып, өзүмдүн «Татына» деген бий тобум менен бийлеп жүрөм. Бул бий тобу 4 кыздан турат. Топ 2016-жылы түзүлгөн.

Былтыркы жылы Көчмөндөр оюнунда күн аябай суук болгон. Биз өзүбүздүн бийлөө кезегибизди күтүп жатканда көрүүчүлөрдүн бизге боору ооруп, жылуу кийимдерин беришкенде аябай күлкүлүү көрүнгөн.

Кээде тойлордо бир күндө эки жерге чакыруу болуп калат. Эгерде ошол эки тойкана бири-бирине жакын болсо, көчөдөн формаларыбыз менен чуркайбыз. Башкалар бизди аябай таң калып карашат.

11-классты аяктагандан соң Эл аралык мамилелер факультетине тапшырып, келечекте дипломат болгум келет», - деп айтып берди ал.

Айтурган үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up