Чоң-Алай районунда «Жыл мугалими - 2018» сынагы өттү

Билим АКИpress - Чоң-Алай районунда «Жыл мугалими - 2018» сынагы өтүп, баш байгени А.Мурзакулов атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Кундуз Кожобекова жеңип алды. Бул тууралуу аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Пазыл Бактыбаев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, сынакка жалпы 16 мугалим катышты.
«Биз «Жыл мугалими - 2018» сынагын билим берүү институтунан келген жобонун негизинде өткөрдүк. Сынакка катышкан мугалимдер билим сапатын жогорулатуу боюнча «Менин автордук идеям», «Балдардын чыгармачылыгындагы менин ишмердүүлүгүм» деген темаларда ой толгоолорун жазышты. Андан соң мугалимдер кайсы класска туш келсе, ошол класска 45 мүнөт сабак өтүп беришти. Ал эми акыркы баскычында мугалимдер өздөрүн тааныштырып, баяндама жасашып, ийримдер менен иш алып баруусу боюнча да айтып берди.

Калыстар тобу тарабынан мугалимдерге кесиптер рейтинги боюнча чучук улак болуп, кайсы кесипке туура келсе, мугалимдер 3 мүнөттүн ичинде ошол кеситин жакшы экендигин, мыкты кесиптигин далилдеп беришти. Мындан сырткары, чукул суроолор узатылып, бардык тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарган мугалимдер орундарга ээ болушту.

Жыйынтыгында баш байгени А.Мурзакулов атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Кундуз Кожобекова жеңип алып, облустук турга жолдомо алды», - Пазыл Бактыбаев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up