Ысык-Көлдө 270 мугалим тажрыйба алмашты

Ысык-Көлдө 270 мугалим тажрыйба алмашты

Билим АКИpress - Ысык-Көл облусунда облустук билим берүү институту тарабынан «Билим берүү тармагындагы реформаларды өнүктүүрүү багытындагы ийгиликтүү практикалар жана жаңы чечимдер» аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Конференция эки бөлүктө өттү. Пленардык кенешмеде өлкөбүздөгү билим берүү тармагындагы реформаларды колдоо жана жаңы багытта иш алып баруу, заманбап мугалимдин ролу тууралуу маселелер козголду. «Таза коом - Цифралык кыргызстан-2040», «Жаңы доорго кырк кадам» программаларын ишке ашыруу масатында Аймактарды өнүктүрүү жылына карата билим берүү тармагындагы жаңы багыттарды жүргүзүү тууралуу идеялар айтылды. Азыркы коомдогу өзгөрүүлөргө, заман талабына жараша мугалимдин инновациялык технологиялар, компьютердик технологиялардын сабакка пайдаланылыш шарттары тууралуу талкуулар жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө педагогдордун үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсү башкы орунда экендиги белгиленди.

Конференцияда «Билим берүү тармагындагы жаңылануулар жана заманбап мугалимдин ролу» деген темада Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун директорунун орун басары Н.Шарапова баяндама окуду. Ошондой эле КР Эл мугалими Ж.Р.Өзүбекова, КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздар комитетинин төрагасынын орун басары, облустук билим берүү кызматкерлеринин профсоюздар кыймылынын уюштуруучусу Ө.К.Молдакматов, Ысык-Көл облустук билим берүү институтутунун директору К.С.Шарипов конференциянын катышуучуларына куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Конференциянын экинчи бөлүгүндө облустун алдыңкы 49 мугалими жана ОББИнүн кызматкерлери бардык предметтер боюнча 40 мүнөттөн мастер класстарды өткөрүштү. Аталган иш-чарага 270 мугалим катышты. Мастер-класстар бардык предметтер боюнча мугалимдерге жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттерине, соцпедагогдоруна көрсөтүлдү. Соцпедагогдорго К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин педагогдору да психология багытында лекцияларды окушту.

Алдыңкы педагогикалык идеяларды, заманбап коомдун талабына ылайык билим-тарбия берүү багытын көздөгөн конференция облустун алдынкы мугалимдеринин жамаатын түзүү жана тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлдү.

Иш-чаранын соңунда педагогдор тажрыйба алмашуу багытындагы ушундай иш-чаралардын көп болушу тууралуу пикирлерин жана бул иш-чара жогорку денгээлде уюштурулгандыгы тууралуу билдиришип, иш чаранын резолюциясы кабыл алынды. Мындай иш-чара мындан ары район, шаарларда, жана август кеңешмелеринде уланмакчы.

Бул багыттагы иш-чара эл аралык деңгээлде дүйнөнүн мыкты мугалимдеринин катышуусунда жергиликтүү мугалимдер менен тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлүп келет. Мастер-класстарга угуучу катары катышкан мугалимдер жаңы идеяларды, ыкмаларды алышып, терең таасир менен ыраазычылык пикирлерин айтышып келишет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up