Кадамжайдагы орто мектеп менен лицейдин ортосунда достук жолугушуу болду

Кадамжайдагы орто мектеп менен лицейдин ортосунда достук жолугушуу болду

Билим АКИpress - 5-апрель күнү Тамаша айылындагы А.Камбаров атындагы орто мектеби менен Кадамжай «Семетей» лицейинин ортосунда достук жолугушуу болду. «Семетей» лицейинин директору Мемет Каранын айтымында, бул иш-чара Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында уюштурулуп, ал 2000-жылдардан бери эки мектептин ортосунда түзүлгөн достук байланышты күчөтө тургандыгын айтып өттү.

Ал эми ушул мектептин мурдагы бүтүрүүчүсү, азыркы учурда «Семетей» лицейинин окуу-тарбия иштери боюнча директорунун орун басары окуучуларды жакшы окууга чакырып, келечек билимдүү жаштардын колунда экендигине токтолуп, өзүнүн акыл-кеңештерин айтты. Андан кийин лицейдин тамашоучу жигиттери өз өнөрлөрү менен жакшы маанай тартуулашты. Алар өздөрү даярдаган мукамдуу ыр, ийкемдүү бий , күлкүлүү тамашалары менен мугалимдердин, окуучулардын жана ата-энелердин көңүлүн көтөрүштү.

Жолугушуунун аягында Мемет Кара лицей бүтүрүүчүлөрүнүн демөөрчүлүгү менен алынган жаңы компьютерди белекке тапшырды. Бул иш-чарага Жаныбеков атындагы мектебинен да окуучулар класс жетекчилери менен бирге катышып кетишти.

А.Камбаров атындагы орто мектебинин директору С.Ысманов келген конокторго ыраазычылык билдирип, мындан ары да ар дайым кызматташтыкта боло тургандыктарын баса белгиледи.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up