Бала кезинен учкуч болууну каалаган Арсен кыялын Кореяда орундатып жатат

Бала кезинен учкуч болууну каалаган Арсен кыялын Кореяда орундатып жатат

Билим АКИpress үлгүлүү окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — таластык 20 жаштагы Арсен Беккелдиев. Ал кичине кезинен самолётторду көрүп, учкуч болууну самап келген. Эми ал кыялын Кореяда орундатып жаткан кези.

«Мен Беккелдиев Арсен Кыялбекович, 1997-жылы 12-октябрда Талас областынын Бакай-Ата районуна караштуу 1-май айылында жарык дүйнөгө келгем. Ошол эле айылдагы Токтогул Чогулушев атындагы орто мектебин 2015-жылы бүтүрдүм. Окууну бүткөндөн кийин Бишкек шаарындагы Кыргыз-Корей колледжинин туризм факультетине тапшырып, аны аяктаган соң байкемдин кеңеши менен Кореядагы авиациялык университетке тапшырып, өтүп кеттим. Учурда даярдоо курсунда окуп жатам. Буйруса, учкуч кесибин тандайм. Себеби бала кезимен эле самолётторду көрүп, мен да учкуч болсом деп кыялданчумун. Сынак корей тилинде өттү, кызыкканым үчүнбү, мага өтө деле кыйын болбоду. Окууга өткөнүмдү уккан ата-энем абдан кубанышты.

Досторумдун, туугандарымдын арасында мен үчүн кубанып, колдогондор көп болду. Алгач келгенде, албетте, кыйынчылыктар болбой койгон жок. Биринчи эле каражат жагынан кыйналдык, батирлер абдан кымбат экен. Тамак-аш жагы да кыйын болду. Алгачкы күндөрү көнө албай, сууга бышкан күрүч жеп жаттым, убакыт өтүп, азыр көнүп калдым.

Мени менен окуган 2 кыргыз бар. Абдан ынтымактуубуз, бирөөсү менен чогуу жашайбыз. Алыска чыгып окусаң, Кыргызстандын, ата-эненин, жакын адамдардын баркын билет экенсиң», - деп айтып берди ал.

Арсен жаштарды чет өлкөдө окууга чакырат.
«Келечекте окуумду бүтүп, Кыргызстандын керегине жараган инсан болсом дейм. Мындан сырткары, Кореяга окугусу келип, келе албай жүргөндөргө жардам бергим келет», - деди ал сөзүнүн аягында.

Жазган: Түркиядагы Кастамону университетинин 2-курсунун студенти Наргида Маликова

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up