Түркияда магистратурада акысыз окуп жаткан Бегимай: Кыргызстанды чет өлкөгө таанытуу максатында иш алып барабыз (фото)

Түркияда магистратурада акысыз окуп жаткан Бегимай: Кыргызстанды чет өлкөгө таанытуу максатында иш алып барабыз (фото)

Билим АКИpress үлгүлүү окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Алай жергесинин 24 жаштагы тургуну Бегимай Алтыбаева. Ал учурда Түркияда магистратурада акысыз окуп жаткан кези.

«Мен Бегимай Алтыбаева, 1994-жылы 26-февраль күнү ордолуу Ош облусунун, Алымбек, Курманжан даткалары менен даңкталган Алай районунун Гүлчө айылында төрөлгөм. Райондун жалгыз орус тилинде билим берилүүчү Тапык Отунчиев атындагы №2 гимназияны артыкчылык менен 2012-жылы бүтүрдүм. Мектеп, мугалимдер ар бирибиздин жашообузда чоң рол ойнойт. Убагында дал ушул мектепте окуганым, мен үчүн чоң бир мүмкүнчүлүк болду деп ойлойм. Азыркы күнгө чейин менин бүт жетишкендиктерим жана ийгиликтеримдин баары – мени чоңойтуп, тарбия берген ата-энем жана мектебимдин эмгегинин үзүрү. Аларга ыраазычылыгым чексиз!

Мектепте окуп жүргөндө ким болорубузду, кайсы университетке тапшырарыбызды бардык окуучулардай эле так билчү эмеспиз. Бирок борборго барып, «Манас» университетитине тапшырам деп максат койгом. Апам убагында Бишкек гумнитардык университетин бүтүргөндүктөн, өзү мага «местная» катары, кеңешчи, жол көрсөтүүчү болуп, мени менен Бишкекке келген. Экөөбүз бирге борбор калаабыздагы бардык университеттерди көрүп, маалымат алып чыкканбыз. Бирок канчалаган түрдүү университеттерди көрсөк да, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттерге түзүп берген мүмкүнчүлүктөрүнө, мыкты адистер болгон окутуучу курамына, билим деңгээлине эч бириси тең келе албады. Ошондуктан бир гана «Манасты» көздөп туруп алганбыз.

Апам өзү илим-билимдүү мыкты мугалим, ошондуктан бул же тиги кесипти тандайсың деп эч бирибизди кыйнаган эмес. Жөн гана кеңеш берчү. Ал эми мен да өз кесибимди апамдын кеңеши менен так тандай алгам десем болот. Коммуникация факультетинин Коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүн тандаган элем. Мыкты кеңешчим – апам болбосо, так билип турсам деле, балким, башым айланып, каалабаган эле башка кесипке тапшырып алышым деле ыктымал болчу. Ошондуктан кесип тандоого келгенде баланы жакшы билген, каалоосун, эмнеге таланты бар болгонуна, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша кеңеш берчү адам болгон жакшы.

Тандаган кесибим менин сапаттарыма, мүнөзүмө кыялыма эң эле туура келчү кесип десем болот. Себеби коммуникабелдүү адамдар менен маектешүүнү жана уюштуруу иштерин жакшы көргөн адаммын. Азыркы учурда бул кесип Кыргызстан үчүн өтө эле жаңы, бирок чет өлкөдө ар бир мамлекеттик мекемеде, социалдык уюмда, ар бир жеке ишканада бир коомчулук менен байланыш адиси сөзсүз бар. Бир мекеменин эл менен, ишкананын кардары менен туура коммуникция, туура мамиле куруусу үчүн бул кесиптин ээлери бир көпүрө болуп берет.

5 жыл жөн гана университетте билим алуу менен гана күн өткөрбөгөнгө аракет кылчумун. Биринчи радиодо диджей болуп өзүмдү сынадым, кийин алып баруучу болдум, кийинчирээк, 2-курста өз кесибим боюнча иштей баштадым. Мыкты адис болуш үчүн азыркы заманда университетти бүтүрүү жетишпейт, окуганча стажер катары болсо да иштеп, практикалык билим алуу маанилүү деп эсептейм.

Университетти 2017-жылы окуу жетишкендиктери боюнча «Факультет биринчиси» болуп аяктадым. Студенттер окуу жайды бүтөрү менен иштегенге шашылышат. Мен жогоруда айткандай, окуп жүргөндө да өз кесибим боюнча иштегендигимден, кесибимдин маанилүүлүгүн көргөндүгүмдөн жана менин кесибим күн сайын, саат сайын өзгөрүп, өнүгүп турган кесип болгондуктан, мыкты адис болуу үчүн дагы да билим деңгээлимди жогорулатуум керек экендигин чечкем. Магистрдик даража академиялык жакты улантууну каалагандар үчүн гана дегендер жаңылышат. Ар бирибиз өз кесибибиздин мыкты адиси болсок жана ар бирибиз өз ишибизди мыкты деңгээлде жасасак гана Кыргызстаныбызды өнүктүрө алабыз деген ойдомун.

Ошентип, Түркияга магистртатурага тапшырдым. Түркияны тандоомдун себеби, буга чейин 2015-жылы «Алмашуу программасы» аркылуу Анталиянын Ак Деңиз университетинде окуп кеткен элем жана 2016-жылы Түркиянын биринчи мамлекеттик каналы TRTда стаж өткөм. Билим берүү системасын, элин, жерин жана студенттер үчүн түзүп берген мүмкүнчүлүктөрүн билгендигимден, ойлонбой чечим кабыл алдым десем болот.

«Түркия стипендиялары» программасына кабыл алынып, азыркы тапта Түркиядагы Сакарья Университетинин Коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүндө акысыз магистратурада окуп жаткан учурум. Университет жаңы болгондуктан, окутуучулар жамааты тандалып келген мугалимдерден түзүлгөн экен. Чынында эле Американын эң мыктыларынан бири болгон Огайо университинде докторантурасын жактап, ал жакта иштеп келген агай-эжекелер бизге сабакты англис жана түрк тилдеринде өтүшөт. Бизге студент эмес, адис, кесиптеш катары мамиле жасашат. Окутуучулар менен бирге илимий изилдөөлөрдү жасап, коомчулугубузду, аны алдыда күтүп жаткан өзгөрүүлөрдү анализдөө менен алекбиз. Изилдеген темаларыбыздын бири «web 4» доорунун келүүсү. Бул доор бардык жаатка өз таасирин тийгизет. Себеби технология өзгөрүлсө, бардык нерсе өзгөрүлөт, жада калса адам.

Баардык чоң мамлекеттер «web 4кө» өтүүгө камданууда. Окуудан сырткары өзүбүздү ар тараптан өнүктүрүү максатында ар түркүн социалдык маданий иш-чараларды өткөрүү менен алектенебиз. Бул жакта биз Кыргызстандын өкүлү болгондуктан, маданиятыбызды, салт-санаабызды, бүтүндөй өлкөбүздү таанытуу максатында иш алып барабыз. Көптөгөн концерт, таанытуу жумалыктарын, конференция, эскерүү кечелерин уюштуруп турабыз.

Бул жакка окууга келүүнү каалагандарга ар түрдүү программаларга тапшыруусу үчүн кеңеш берип, жол көрсөтүп жардам берүүгө аракет жасайбыз. Бир гана Түркия эмес, азыркы учурда чет өлкөгө окууга тапшыруу мурдакыга караганда алда канча оңой жана жеткиликтүү болуп калды. Ошондуктан жаштарга кеңеш катары өздөрүн чектебөөсүн айтып кетер элем. Себеби сапаттуу билим алуудан, эл жер көрүү, дүйнө таанымы кеңейүүдөн сырткары, чет өлкөгө чыккан адам мамлекетинин абалына, көйгөйлөрүнө сырттан карай алат, чечүү жолдорун да көрө алат. Бирок кайра өлкөгө кайтып келип, мамлекетибиз үчүн иштөө деген шарт менен. Жашаган шаарымда «Кыргыз студенттер» коомунун кыздарынын башчысы жана «Улуттар Арасы» студенттер коомчулугунда Орто Азиядагы мамлекеттердин өкүл башчысы болуп эмгектенем жана ошондой эле Түркия боюнча иш алып барган «Kyrgyz Youth» жаштар клубунун төрагасынын орун басары кызматын аткарып келем. Бул клубубуздун алдыдагы максаттарынын бири – бир гана Түркияда эмес, башка чет мамлекеттерде жүргөн кыргыз жаштарынын башын бириктирип, Кыргызстан үчүн иштөөгө, алдыга умтулууга үндөө.

Учурдан пайдаланып, чет өлкөдө жүргөн жаштарга кайрылат элем: Сиз бир кыргыз кызы жана кыргыз жигити катары ал жакта жүрөсүз жана сиздин баскан ар бир кадамыңыз, айткан ар бир сөзүңүз, жасаган ар бир кылыгыңыз бүтүндөй кыргыз элинин атынан жасалгандай кабыл алынат. Ошондуктан өзүбүздүн элибизди, жерибизди жакшы жагынан көрсөтүүгө, чагылдырууга аракет жасайлы деп суранам. Ансыз деле негативдүү нерселер жетиштүү деп ойлойм», - деди Бегимай.

Бегимай үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү.

Жазган: Түркиядагы Кастамону университетинин 2-курсунун студенти Наргида Маликова

Сиз дагы мектептеги, жогорку окуу жайдагы кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up