Ак-Чийдеги М.Балбаков орто мектебинде «Жыл мугалими - 2018» сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Ак-Чийдеги М.Балбаков орто мектебинде «Жыл мугалими - 2018» сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна карштуу Ак-Чий айылындагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинде «Жыл мугалими - 2018» кароо-сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу окуу бөлүмүнүн башчысы Самара Сагынбекова билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 5-март күнү аталган орто мектепте өткөрүлгөн «Жыл мугалими - 2018» сынагына 5 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар 15 мугалим катышып, алар ачык көргөзмөлүү сабак, менин редогогикалык философиям, мугалимдин чыгармачылыгы, кыймылдуу көргөзмө куралдар жана иш кагаздарды кароо жана жыйынтыктоо тапшырмаларын аткарып беришти.

Сынактын жыйынтыгында, математика мугалими Чынара Токолова 1-орунду багындырып, «Жыл мугалими - 2018» аталды. 2-орунду физика мугалими Назгүл Касмалиева, 3-орунду кыргыз тили жана адабияты мугалими Болот уулу Нарынбек камсыздашып, грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Андан сырткары, «Мыкты ачык сабак» номинациясына сүрөт мугалими Коңурбай уулу Сергек, «Чыгармачыл мугалим» номинациясына гоеграфия мугалими Гүлбарчын Байшериева татыктуу болушту. Ал эми биология мугалими Анаркүл Мамбеталиева менен тарых мугалими Саламат Мукашева активдүү катышуучу катары сыйланышты.

Сынакка Ак-Чий айылдык кеңешинин төрагасы Аскар Жунусов жана айылдык кеңештин депутаты Коңурбай уулу Бакай демөөрчүлүк кылышып, баалуу белектерин алып беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up