Кадамжайдын эң мыкты мугалими аныкталды

Кадамжайдын эң мыкты мугалими аныкталды

Билим АКИpress - Кадамжайда «Жылдын мыкты мугалими - 2018» кароо-сынагына катышкан мугалимдер Ысык-Көлдө 1 жума эс алышат. Бул тууралуу Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-апрель күнү Кадамжай районунда «Жылдын мыкты мугалими - 2018» кароо-сынагы өтүп, ага 9 мугалим катышты.

Сынакта ар бир мугалим өз кесибин сүйүп, чыгармачылык менен изденип иштегенин көрсөтүштү. Ар бир катышуучу мугалим бул кароо-сынакта эң алдыңкылардан болууну каалайт. Андыктан сынакты өткөрүүдө Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү жылдагыга караганда өзгөчө, жаңы шарт менен өткөрдү. Теория менен практиканын өзгөчөлүгүн байкоо үчүн БатМУнун Кызыл-Кыя шаарындагы педагогикалык институтунун өкүлдөрү, билим берүү колледжинен Муратова Латифа, Мадиярова Чолпонай, Исабаева Айлархан эжейлер келип, калыстык кылышты.

Жыйынтыгында баш байгени Кадамжай райондук лицейинин химия мугалими Кыздархан Султанова багындырды. Ал эми 1-орунду А.Орозбеков атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Бегайым Чилаева, 2-орунду А.Саттаров атындагы орто мектебинин информатика мугалими Салтанат Абдубаитова, 3-орунду «Достук» орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Гулбахар Имамидинова ээлешти.

Жеңүүчүлөр райондук билим берүү бөлүмү тарабынан Ардак грамота, баалуу белектер менен сыйланышты. Ага кошо райондук администрация тарабынан баш байгени уткан Кыздархан Султановага 10 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды. Андан сырткары, 9 катышуучуга Ысык-Көл облусуна 1 жума эс алууга жолдомо берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up