4 тилде эркин сүйлөгөн Зияданы Тайвань, Малайзия жана Сингапурдагы университеттер акысыз окууга чакырган (фото)

4 тилде эркин сүйлөгөн Зияданы Тайвань, Малайзия жана Сингапурдагы университеттер акысыз окууга чакырган (фото)

Билим АКИpress үлгүлүү окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — жалал-абаддык Зияда Исамидинова. Ал билиминин аркасы менен Тайвань, Малайзия жана Сингапурга акысыз окууга чакырылып, учурда Сингапур өлкөсүндө билим алып жаткан кези.

«Мен Асанова Зияда Исамидиновна,1999-жылы Жалал-Абад шаарынын Ноокен районунда жарык дүйнөгө келгем. 6-класска чейин А.Сатаров («Жаңы Турмуш») атындагы №4 мектепте билим алып, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемелери тарабынан ар жыл сайын уюштурулуучу 2 этаптан турган сынактан ийгиликтүү өтүп, ата-энемдин колдоосу менен 7-классымдан баштап Зуура Нурматова атындагы Жалал-Абад кыздар лицейинде окууну уланттым. Лицейде англис тилине өтө көңүл бурулат, анткени так илимий сабактары англис тилинде окутулат. 5 жыл ичинде англис, түрк, орус тилдерин жакшы өздөштүрдүм. Лицейде окуп жүргөндө көп нерсени үйрөндүм.

Чет өлкөдө окуу жөнүндө ойлоп, ар түрдүү сынактарды тапшырдым. 11-классты аяктап, aр кайсы мамлекеттерге тапшырып, өтүп кеттим, виза документтери бүтпөй, Тайвань, Малайзия сыяктуу мамлекеттерге кете албай калдым.

Учурда Сингапурда бизнес башкаруу боюнча акысыз билим алып жатам. Университеттин келишимдик акысы 20 миң долларды түзөт. 100% бекер өтүү оңой болгон жок, лицейдеги бааларды, алган сертификаттырымы жөнөттүм, 4 темада эссе жазып жибердим. Андан соң сынак тапшыруу күнүн белгилешти. Сынактан өткөндөрдү гана аңгемелешүүгө чакырышат экен. Сынак логика, IQ, математикалык чыгарылыштыр, англис тилинин грамматикасы жана англис тилинде окуу боюнча болду. Сынакты ийгиликтүү тапшырып, аңгемелешүүгө чакырышты. Бир нече күндөн кийин жообу келди. Аны көргөнүмдө ишенген жокмун, сүйүнүп, ата-энеме айтып, документтеримди даярдап, Сингапурга сапар алдым.

Мени бул жогорку окуу жайдын программасы аябай кызыктырып койду: 1-жыл Сингапурда, 2-жыл Дубайда, 3-4-жылдары Австралиянын Сидней шаарында окутулат экен. Сингапурда окуп калам деп эч ойлогон эмесмин.

«Кыргызстан силерге аманат» деп Гуллира деген эжекем айтып калар эле. Чет өлкөдоңө окуп жатып, ушул сөз мени көп ойлондурду. Ушул деңгээлге Кыргызстанда окуп жеттим. Чет өлкөдө иштеп, жашап калгым келбейт. Ошондой болуп калса да, Кыргызстандын өнүгүшү үчүн өз салымымды кошсом дейм. Сингапурда окуп, окуу программаларынан сырткары, көп нерсе алсак болот экенин түшүндүм. Эч бир байлыгы жок Сингапур дүйнөдөгү 3 кедей өлкөнүн биринен эң өнүккөн өлкөнүн даражасына жеткенин көрүп, Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарында экенине кейийм.

Быйылкы жылы мектепти бүтүрүп жаткан абитуриенттерге жакшылап аракет кылуусун, изденуусун айтар элем. Мен окуган университетке (SP Jain School of Global Management) кызыккандар болсо, албетте, жардам берем.

Мени ар дайым колдоп келген ата-энеме, бир туугандарыма, эжей-агайларыма терең ыраазычылыгымды билдирем», - дейт Зияда Исамадинова.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up