Өзгөндөгү Т.Асранкулов мектебине күндүн нурунан сууну жылытуучу система орнотулду (фото)

Өзгөндөгү Т.Асранкулов мектебине күндүн нурунан сууну жылытуучу система орнотулду (фото)

Билим АКИpress - Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Т.Асранкулов атындагы орто мектебине күндүн нурунан сууну жылытуучу система (солнечная водонагревательная система) орнотулуп, ашкана жылуу суу менен камсыз болду. Бул тууралуу мектеп директору Бүажар Көчкөнбаева билдирди.

Анын айтымында, мындай демилге «Жашыл айыл» долбоорунун негизинде ишке ашкан. «Биздин мектепте буга чейин жылуу суу болгон эмес. 450 окуучу башталгыч класстарда билим алат. Алар шашке тамакка барганда муздак суу менен колдорун жууп келишкен, эми мынтип ПРООНдун «Жашыл айыл» долбоорунун негизинде күн нуру аркылуу суу жылытуучу система орнотулду. Азыр ашканабыз эч кандай электр тогусуз эле жылуу суу менен камсыз болду», - деди Б.Көчкөнбаева.

Аталган мектеп жыл бою күндүн нурунан энергия алып, жылуу суу менен камсыз болот.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up