Аламүдүн районунун Т.Актанов атындагы орто мектебинде «Окуу залы» ачылды

Аламүдүн районунун Т.Актанов атындагы орто мектебинде «Окуу залы» ачылды

Билим АКИpress - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Тойчу Актанов атындагы Кашка-Суу орто мектебинде бүгүн, 10-апрелде, «Үй-бүлөлүк китеп окуу» долбоору боюнча «Окуу залы» ачылды. Салтанаттуу ачылыш аземге «Агахан» фондунун директорунун милдетин аткаруучу Жамил Уддин жана фонддун өкүлдөрү, ата-энелер, мугалимдер, окуучулар катышты.

Иш-чарада Жамил Уддин Кыргызстанда иштеп жаткан фонддун иштери жөнүндө, көптөгөн мектептер, ата-энелер менен иштеп жатышкадыгын айтып, Кыргыз Өкмөтүнө иштегенге мүмкүнчүлүк бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

Мектептин директору К.Таласбаева аталган фондго «Окуу залын», адабий китептерди алып бергени үчүн жалпы окуучулардын, мугалимдердин жана ата-энелердин атынан рахмат айтты.

Ачылыш аземде мектептин окуучулары даярдаган ыр-бийлер аткарылып, концерттик программа тартууланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up