Сокулуктун окуучулары айылдын тазалыгына кам көрүп, жалгыз бой кары-картаңдарга жардам беришти

Сокулуктун окуучулары айылдын тазалыгына кам көрүп, жалгыз бой кары-картаңдарга жардам беришти

Билим АКИpress - Чүй облусунун Сокулук районундагы К.Шопокова атындагы №3 орто мектеп-лицейинин
окуучулары «Экодесант» аттуу ишембилик өткөрүштү. Бул тууралуу аталган мектептин тарбия иштери боюнча уюштуруучусу Эрика Смамбекова билдирди.

«Окуучуларыбыз Сокулук айылындагы көчөлөрдү тазалап чыгып, жалгыз бой кары-картаң адамдардын чарбагынын жерин казып берип, короодогу ар кайсы жумуштарын жасап беришти. Иш-чарага 5-6-7-класстын 340 окуучусу класс жетекчилери менен бирге катышты. Ошондой эле 1-4-класстардын окуучулары «Сокулук айылынын жаратылышы коркунучта» аттуу сүрөт сынагына катышты», - деди Э.Смамбекова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up