Өзгөндүн окуучу кыздары алыш күрөшү боюнча облустук мелдеште биринчиликти алышты (видео)

Билим АКИpress - Өзгөн районунун окуучу кыздары Ош облусундагы алыш күрөшү боюнча мелдеште биринчиликти алышты. Бул тууралуу 12-апрелде аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы И.Дүйшөев маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, окуучулар арасында алыш күрөшү боюнча облустук 70-спартакида 8-апрелде Ош шаарында өттү. Анда Өзгөн районунун кыздар командасы 1-орунду, ал эми балдар командасы 4-орунду ээлешти.

Азыр Ош облусунда волейбол боюнча мелдеш өтүп жатат. Анда райондук турда жеңүүчү болгон мектептердин командалары катышууда. 6-7-апрелде өткөн райондук мелдеште Жапалак-Таш айыл аймагындагы Т.Турдубаева атындагы мектептин кыздар командасы жана Жазы айыл аймагындагы Ж.Абдрасулов атындагы мектептин балдар командасы жеңүүчү аталышкан.

1311d8a24f1fee06935eacbecb5cf5d6_500_0_0ebfb030d308d13b903fb027501553145_500_0_0
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up