Нарындагы Чет-Нура айыл аймагынын эң мыкты мугалими аныкталды

Нарындагы Чет-Нура айыл аймагынын эң мыкты мугалими аныкталды

Билим АКИpress - Нарын районуна караштуу Чет-Нура айыл аймагындагы мектептер арасында «Жыл мугалими» кароо сынагы өтүп, ага 6 мектептен тандалып алынган мугалимдер катышты.

Сынактын жүрүшүндө ар бир мугалим өз чыгармачылыктарын көрсөтүп, берилген тапшырмаларды кылдаттык менен аткарышты.

Сынакты Нарын райондук билим берүү бөлүмү өзгөчө жаңы шарт менен өткөрдү. Алгач теориялык билимге баа берилип, аны практика менен айкалыштырууга байкоо жүргүзүштү. Мындан сырткары, башка мектептин окуучуларына сабак өтүүсүнө катышып, баа беришти. Калыстар тарабынан мугалимдин сабак өтүүсүнүн жаңы заманбап үлгүлөрүнө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында К.Күчүков атындагы башталгыч мектебинин көркөм өнөр мугалими Алтынай Салкынбекова 1-орунду ээлеп, жеңүүчү деп табылды. Ага Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак громатасы жана баалуу белектери тапшырылды. Ошондой эле райондук сынакка катышууга жолдомо берилди.

Алтынай Салкынбекова 2013-жылы Нарын мамлекеттик университетинин көркөм өнөр факультетин аяктаган. Буга чейин да бир катар сынактардын жеңүүчүсү болгон.

WhatsApp Image 2018-04-13 at 02.29.36

WhatsApp Image 2018-04-13 at 02.29.36 (1)

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up